Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги ПЖ № 110 Жарлыгына) |
Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сый акысы жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо изденүүчүлөрдү тандоо, ошондой эле тандоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандарына Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сый акысын ыйгаруу тартибин жана шарттарын аныктайт.
2. Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сый акысы (мындан ары - Мамлекеттик сый акы) илимий ишмерлердин коомдун жана мамлекеттин алдында сиңирген эмгегин эң жогорку деңгээлде таануу формаларынын бири болуп саналат.
Мамлекеттик сый акылар Кыргыз Республикасынын жарандарына Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан үч жылда бир жолу ыйгарылат:
- Касым Тыныстанов атындагы мамлекеттик сый акы экиден ашык эмес;
- Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сый акы үчтөн ашык эмес.
Эгерде Мамлекеттик сый акыны изденип алууга көрсөтүлгөн иштердин арасынан татыктуулары табылбаса же изденүүчүлөрдүн саны Мамлекеттик сый акылардын санынан аз болсо, анда ошол жылы тиешелүү түрдө Мамлекеттик сый акы ыйгарылбайт же аз санда ыйгарылат.
3. Мамлекеттик сый акы бир адамга же үч адамдан ашык эмес сандагы адамдардын тобуна төмөнкүлөр үчүн ыйгарылат:
1) мамлекеттик тилди сактоого жана өнүктүрүүгө, статусун жогорулатууга өбөлгө түзгөн көрүнүктүү илимий эмгектер (илимдин бардык багыттары боюнча) - Касым Тыныстанов атындагы мамлекеттик сый акы;
2) ата мекендик илимди олуттуу түрдө байыткан жана табигый, техникалык, коомдук жана гуманитардык илимдерди өнүктүрүүгө, кыргыз илимин жана техникасын дүйнөдөгү алдыңкы жетишкендиктердин деңгээлине чыгуусуна олуттуу салым кошкон илимий изилдөөлөрдүн натыйжалары;
3) экономиканы жана социалдык чөйрөнү инновациялык өнүктүрүүнү, ошондой эле өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоону камсыз кылуучу жаңы техниканын жана прогрессивдүү технологиялардын үлгүлөрүн иштеп чыгуу;
4) мамлекеттик сырга таандык маалыматтарды камтыган экономиканын ар кандай тармактарындагы принциптүү жаңы буюмдарды, технологиялык процесстерди иштеп чыгуу жана түзүү.
4. Мамлекеттик сый акы "Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сый акысынын лауреаты" төш белгисинен, ага тиешелүү күбөлүктөн жана акчалай сыйлыктан турат. Мамлекеттик сый акынын ар бир акчалай сыйлыгынын өлчөмү 1000000 (бир миллион) сомду түзөт, алар тиешелүү жылдарга республикалык бюджетте Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын "Мамлекеттик маанидеги чыгымдар" сметасы боюнча "Мамлекеттик сыйлыктар" эсеби боюнча каралган каражаттардын эсебинен төлөнөт.
Аталган төш белгинин жапа ага күбөлүктүн сыпатталышы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.
5. Мамлекеттик сый акы жеке мүнөзгө ээ жана эреже катары бир изденүүчүгө ыйгарылат. Эгерде жетишкендикте чечүүчү роль бир нече адамга таандык болсо, Мамлекеттик сый акы үч адамдан ашпаган изденүүчүлөрдүн жамаатына ыйгарылышы мүмкүн.
Мындай учурда акчалай сыйлык ушул Жободо каралган тартипте бөлүштүрүлөт, ал эми төш белги жана ага күбөлүк лауреаттардын ар бирине тапшырылат.
Мамлекеттик сый акы бир адамга же адамдардын тобуна жаңы илимий эмгек үчүн бир жолудан ашык ыйгарылышы мүмкүн.
2-глава. Мамлекеттик сый акыны изденип алууга адамдарды (адамдардын тобун) көрсөтүүнүн тартиби
6. Ушул Жобонун 3, 7-11-пункттарында көрсөтүлгөн критерийлерге жана шарттарга ылайык келген адамды (адамдардын тобун) илим жана техниканы өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Мамлекеттик сый акыны изденип алууга көрсөтүү Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, илимий жана инженердик-техникалык коомдор, жогорку окуу жайлары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ойлоп табуучулар кеңеши, Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын дирекциясы жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия (мындан ары - көрсөтүүчү субъекттер) тарабынан сунуштарды берүү жолу менен жүргүзүлөт.
7. Мамлекеттик сый акыны изденип алууга илимий эмгектери жетүү чектелген маалыматты камтыган адамдар (адамдардын тобу) көрсөтүлөт.
8. Эгерде илимий изилдөөнү аткаруу же иштеп чыгуу процессинде административдик же уюштуруучулук функцияларды гана жүзөгө ашырган, жоюлбаган соттуулугу бар адамды Мамлекеттик сый акыны изденип алууга көрсөтүүгө жол берилбейт.
9. Бир эле иш Мамлекеттик сый акыны изденип алууга бир гана жолу көрсөтүлөт.
10. Мамлекеттик тилдеги филология жана адабият таануу боюнча илимий эмгектерден тышкары, Мамлекеттик сый акыны изденип алууга көрсөтүлүүчү илимий эмгектер, автордун (кошо автордун) 3төн (үч) кем эмес статьясы Q3төн кем эмес квартилдеги жана/же РИНЦ ядродогу "Scopus", "Web of Science" эл аралык маалыматтар базасында индексациялануучу таанылган эл аралык илимий басылмаларда жарыяланууга, ал эми техниканын жаңы түрлөрү, техника жаатындагы илимий иштердин материалдары жана технологиялары беш жылдан кем эмес, ал эми гуманитардык үч жылдан кем эмес өндүрүштө өздөштүрүлүүгө тийиш.
11. Мамлекеттик сый акыны изденүүчүлөргө сунуштарды жана аларга тиркелген материалдарды берүүнүн мөөнөтү Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сый акысы боюнча коомдук комиссия (мындан ары - Коомдук комиссия) тарабынан белгиленет.
Сунуштарды берүүнүн мөөнөттөрү, аларга, тиркелүүчү материалдарды тариздөөгө талаптар жөнүндө маалыматтар, ошондой эле сунуштарды кабыл алуу башталгандыгы жана аяктагандыгы жөнүндө кулактандыруулар сунуштарды кабыл алуу башталуучу датага чейин эки жумадан кечиктирбестен жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.
12. Көрсөтүүчү субъекттер төмөнкү документтерди жөнөтөт:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин атына сунуш (автордук жамаатты көрсөтүүдө сунушта сунушталган ишти түзүүгө изденүүчүлөрдүн ар биринин катышуусу жөнүндө маалыматтар чагылдырылат);
2) изденүүчүнүн белгиленген үлгү боюнча толтурулган анкетасы;
3) сунушталган иштин аннотациясы;
4) паспорттун көчүрмөсү;
5) соттуулугунун жок экендиги жөнүндө маалымкат;
6) билими жөнүндө дипломдорунун, окумуштуулук даражасынын, эмгек китепчесинин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
7) коллегиялык органдын токтомунан же чечиминен көчүрмө, изденүүчүнүн көрсөтүлүүчү ишин талкуулоонун протоколунун мөөр менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
8) жарыяланган илимий эмгектердин, изилдөөлөрдүн жана иштеп чыгуулардын тизмеси.
3-глава. Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жана илимий секциялар
13. Мамлекеттик сый акыны изденүүчүлөргө сунуштарды, аларга тиркелген материалдарды кабыл алууну жана алардын ушул Жободо белгиленген критерийлерге жана шарттарга шайкеш келишин алдын ала кароону камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп жетекчинин атынан Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) саналат.
14. Мамлекеттик сый акыны изденип алууга көрсөтүүчү субъекттердин материалдарын объективдүү жана адилеттүү кароо максатында ыйгарым укуктуу орган илимий секцияларды жана алардын курамдарын түзөт, алар Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин тескемеси менен бекитилет.
15. Илимий секция - бул илим жана техника багыттары боюнча иштеген, жетекчини кошо алганда 7 адамдан турган эксперттердин тобу, алар комиссиялык негизде келип түшкөн сунуштарды жана аларга тиркелген материалдарды Коомдук комиссиянын жыйналышына аларды киргизүү үчүн өз багыттары боюнча корутунду менен карайт.
16. Алынган материалдар толук болбогон же бекитилген Илимий секциялар жөнүндө жобонун ченемдерине жана талаптарына ылайык келбеген учурда илимий секциялар көрсөтүүчү субъектке тиешелүү түрдө кабарлоо менен материалдарды кайтарып бере алат же аларды кароосуз калтыра алат.
Илимий секциялар жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилет.
17. Илимий секциялар көрсөтүүчү субъекттин материалдары боюнча кароону аяктагандан же чечим кабыл алгандан кийин ыйгарым укуктуу органга алар боюнча өзүнүн чечимин жөнөтөт.
18. Мамлекеттик сый акы ыйгарууга изденүүчүлөрдүн иштерин жана алардын ушул Жободо аныкталган талаптарга шайкештигин изилдөө максатында документтер кабыл алынгандан кийин бир жумалык мөөнөттө секциянын жыйналышында ар бир иштин баасы аныкталат.
19. Эксперттик корутундулар жана Мамлекеттик сый акыны ыйгарууга сунушталган изденүүчүлөрдүн иштери секциянын тобунун жыйналышында талкууланат, анын жыйынтыгы илимдин жана техниканын тиешелүү тармагы боюнча эксперттик топтун бардык мүчөлөрү кол коюучу протокол менен таризделет.
20. Изденүүчүлөрдүн эки терс корутунду алган иштери четке кагылат жана ага ылайык Коомдук комиссиянын жыйналышына киргизилбейт.
21. Мамлекеттик сый акыны изденип алууга материалдар илимий секциялар тарабынан объективдүү жана адилеттүү кароо процесси аяктагандан кийин ыйгарым укуктуу орган документтерди чогултууну, комплекттөөнү жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын мамлекеттик сыйлыктар боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн (мындан ары - ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүм) дарегине жөнөтүүнү жүзөгө ашырат.
22. Ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүм ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген материалдарга өздүк экспертизасын жүргүзгөндөн кийин аларды жана өзүнүн корутундусун Коомдук комиссиянын кароосуна киргизет.
23. Илимий секциялардын жыйынтыктары жана алардын курамы жөнүндө маалымат ыйгарым укуктуу органга, Коомдук комиссиянын мүчөлөрүнө, ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмгө гана жеткиликтүү жана ачыкка чыгарылбайт.
4-глава. Мамлекеттик сый акылар боюнча коомдук комиссия жана ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүм
24. Коомдук комиссия төраганы кошо алганда 21 адамдан турат, өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сый акылар чөйрөсүндөгү колдонуудагы мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык коомдук башталышта жүргүзөт.
25. Коомдук комиссиянын жеке курамы илим жана техника жаатындагы белгилүү кесипкөйлөрдүн жана окумуштуулардын ичинен түзүлөт жана ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүм тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин бекитүүсүнө киргизилет.
26. Ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүм Коомдук комиссиянын ишин уюштуруучулук, маалыматтык, документтик, финансылык жана материалдык-техникалык камсыздоону жүзөгө ашырат. Коомдук комиссиянын ишин камсыз кылууга, Мамлекеттик сый акыны ыйгарууга байланышкан иш-чараларды даярдоого жана өткөрүүгө финансылык ресурстар (Мамлекеттик сый акылардын лауреаттарына төлөнүүчү акчалай сыйлыктардын суммасын кошо алганда) тиешелүү жылдарга республикалык бюджетте Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын "Мамлекеттик маанидеги чыгымдар" сметасы боюнча "Мамлекеттик сыйлыктар" эсеби боюнча каралат.
27. Коомдук комиссиянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Мамлекеттик сый акыны изденип алууга материалдарды кароо боюнча ишти ушул Жобого жана Коомдук комиссиянын жыйналышында бекитилүүчү жана анын төрагасы тарабынан кол коюлуучу иш пландарына ылайык объективдүү жана ачык-айкын жүргүзүү;
2) Мамлекеттик сый акылар боюнча жүргүзүлүүчү кампаниянын жүрүшүндө ыйгарым укуктуу органдын жана илимий секциялардын ишин координациялоо;
3) ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмдөн Мамлекеттик сый акыларды изденүүчүлөргө материалдарды алуу, бул материалдарды жана алар боюнча кабыл алынган илимий секциялардын жана ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин кийин Коомдук комиссия тарабынан бир жактуу каралгандыгы жана чечимдердин адилетсиз кабыл алынгандыгы тууралуу адамдардан жана изденүүчүлөрдөн даттануулардын жана дооматтардын болбошу үчүн дыкат жана объективдүү изилдөө;
4) илимий секциялар жана/же ыйгарым укуктуу орган тарабынан Мамлекеттик сый акыларды изденүүчүлөрдүн материалдары объективдүү эмес каралган фактылар аныкталган учурда Коомдук комиссиянын жыйналышында Коомдук комиссиянын мүчөлөрүнүн санынын 2/3 добушу менен илимий секциялардын жана/же ыйгарым укуктуу органдын мурда кабыл алган чечимин жокко чыгаруу жөнүндө маселени демилгелөө. Коомдук комиссиянын мындай чечими акыркы болуп саналат, ал эми адам же адамдардын тобу Мамлекеттик сый акыны изденүүчү статусун мөөнөтүнөн мурда жоготот;
5) ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүм менен биргеликте белгиленген тартипте тандоодон өткөн изденүүчүлөргө ушул Жободо аныкталган тартипте жана санда Мамлекеттик сый акы ыйгаруу жөнүндө сунуштарды киргизүү.
28. Коомдук комиссиянын төрагасы:
1) Коомдук комиссиянын ишине жалпы жетекчилик кылат, анын иши үчүн жеке жоопкерчилик тартат, Коомдук комиссиянын мүчөлөрүнүн ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт жана алардын катышуу жана жоопкерчилик даражасын аныктайт;
2) ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүм менен биргеликте Коомдук комиссиянын жыйналышын өткөрүүнү уюштурат жана анда кворумду камсыз кылат, төрага катары анын ишин ачык жана айкын жүргүзөт;
3) Мамлекеттик сый акыны изденип алууга материалдардын Коомдук комиссиянын мүчөлөрү тарабынан кылдат жана ыкчам изилдениши боюнча ишти уюштурат;
4) Коомдук комиссиянын мүчөлөрүнүн арасында пикир келишпестиктер келип чыккан учурда, тараптардын пикирлерин угат, компромисстерди табуу жана иштеп чыгуу боюнча чараларды көрөт.
29. Коомдук Комиссиянын жыйналышы төрага тарабынан бекитилген анын иш планына ылайык өткөрүлөт. Коомдук комиссиянын пландан тышкаркы жыйналыштары зарылчылыкка жараша жана төраганын чечими боюнча өткөрүлөт.
30. Коомдук комиссиянын жыйналышы эгерде ага анын сандык курамынын 2/3 кем эмеси катышса, укуктуу болуп саналат.
31. Өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал, чектөө иш-чаралары (карантин) режиминин же ал жеткис күчтүн жагдайлары болгон шарттарда Коомдук комиссиянын жыйналышын аралыктан коммуникациялык технологияларды колдонуу менен онлайн режиминде өткөрүүгө жол берилет.
32. Коомдук комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү Мамлекеттик сый акыны ыйгарууга изденүүгө катыша албайт. Эгерде Коомдук комиссиянын төрагасы же мүчөсү Мамлекеттик сый акыны изденип алууга көрсөтүлсө, анда анын Коомдук комиссиянын мүчөсү катары ыйгарым укуктары мындай арыз берилген күнү автоматтык түрдө токтотулат.
5-глава. Тандоодон өткөн жана Мамлекеттик сый акы ыйгарууга сунушталган изденүүчүлөрдү аныктоо тартиби
33. Ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүм Коомдук комиссиянын жыйналышына чейин 14 календардык күндөн кечиктирбеген мөөнөттө андан ары изилдөө үчүн илимий секциялардын корутундулары жана талкуулоонун жыйынтыктары жөнүндө жалпыланган маалымкат тиркелген Мамлекеттик сый акы ыйгарууга көрсөтүлүүчү изденүүчүлөрдүн материалдары менен тааныштырат.
34. Коомдук комиссиянын мүчөлөрү бюллетендерди колдонуу менен жашыруун добуш берүү аркылуу Коомдук комиссиянын мүчөлөрүнүн 2/3 кем эмес көпчүлүк добушу менен изденүүчүнүн тандоодон өткөндүгү жөнүндө чечим кабыл алат.
35. Коомдук комиссиянын мүчөлөрүнүн 2/3 кем эмес добушун алган изденүүчү тандоодон өттү деп эсептелет.
Коомдук комиссия тандоодон өткөн изденүүчүлөрдүн жалпы санынын ичинен төмөнкүлөрдү аныктайт:
- Касым Тыныстанов атындагы мамлекеттик сый акыны ыйгаруу боюнча сунуш киргизүүгө эң көп добуш алган экиден ашык эмес изденүүчүнү;
- Илим жана техника боюнча мамлекеттик сый акыны ыйгаруу боюнча сунуш киргизүүгө эң көп добуш алган үчтөн ашык эмес изденүүчүнү.
36. Коомдук комиссия тарабынан Мамлекеттик сый акы ыйгарууга лауреатты аныктоо бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүү аркылуу чечилет жана бул комиссиянын протоколу менен таризделет. Коомдук комиссиянын мүчөлөрүнүн 2/3 кем эмес добушун алган изденүүчү аныкталды деп эсептелет.
Коомдук комиссия тарабынан кабыл алынган чечим акыркы болуп саналат.
Коомдук комиссиянын Мамлекеттик сый акыны ыйгарууга изденүүчүлөрдү кароонун жыйынтыгы боюнча жыйналышынын протоколу ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүм тарабынан таризделет.
6-глава. Мамлекеттик сый акыны ыйгаруу тартиби
37. Ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүм Кыргыз Республикасынын Президентинин Мамлекеттик сый акыларды ыйгаруу жөнүндө Жарлыгынын долбоорун даярдайт.
38. Мамлекеттик сый акыга татыган адамдарга "Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сый акысынын лауреаты" наамы ыйгарылат.
Лауреаттарга салтанаттуу түрдө күбөлүк, көкүрөктүн оң тарабына тагылуучу төш белги тапшырылат, лауреатта тиешелүү категориядагы мамлекеттик сыйлыктардын ичине кирген Кыргыз Республикасынын ардак наамы болсо, ал белгиден кийин тагылат, ошондой эле акчалай сыйлыктын тиешелүү суммасы төлөнөт.
39. Мамлекеттик сый акы адамдардын тобуна ыйгарылган учурда акчалай сыйлык төмөнкүдөй төлөнөт:
- эки адам болгон учурда - акчалай сыйлыктын суммасы алардын ортосунда тең бөлүнөт;
- үч адам болгон учурда - акчалай сыйлыктын суммасы төмөнкүдөй бөлүнөт: топтун жетекчисине 50 пайыз жана калган бөлүгү топтун эки мүчөсүнүн ортосунда тең бөлүнөт.
Эгерде адамдардын тобунун жетекчиси жок болсо, анда акчалай сыйлыктын суммасы үч адамдын бардыгынын ортосунда тең бөлүнөт.
40. Мамлекеттик сый акынын каза болгон лауреатынын мурастоочулары жок болгон учурда акчалай сыйлык республикалык бюджетке кайтарылууга тийиш, ал эми төш белги жана ага күбөлүк Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктар фондунда сакталат.
41. Мамлекеттик сый акынын лауреатынын төш белгиси жоголгон учурда, төш белги калыбына келтирилбейт, ал эми күбөлүк үчүн дубликат берилет.
|
| Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сый акысы жөнүндө жобонун тиркемеси |
ИЗДЕНҮҮЧҮНҮН АНКЕТАСЫ
Кыргыз Республикасы
______________________________________________________ (облусу, Бишкек ш., Ош ш.)
1. Фамилиясы, аты, атасынын аты
__________________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________
эгер мурда фамилиясы, аты, атасынын аты башкача болсо, алар көрсөтүлөт
2. Кызмат орду, иштеген, кызмат өтөгөн жери (ишкананын, мекеменин, уюмдун, министрликтин
бөлүмдөрүнүн ж.б. так аталышы көрсөтүлөт)
мамлекеттик тилде
__________________________________________________________________________________
расмий тилде
__________________________________________________________________________________
3. Жынысы ________________________________________________________________________
4. Туулган датасы жана жери _________________________________________________________
5. Жарандыгы ______________________________________________________________________
6. Улуту ___________________________________________________________________________
7. Билими
__________________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________
(кайсы окуу жайын, кайдан жана качан бүткөн)
8. Окумуштуулук даражасы, илимий наамы, атайын наамы
__________________________________________________________________________________
9. Жалпы иш стажы _________________________________________________________________
10. Тармактагы иш стажы ____________________________________________________________
11. Бул жамааттагы иш стажы ________________________________________________________
12. Иш жүзүндөгү дареги: ____________________________________________________________
13. Катталган жери боюнча дареги _____________________________________________________
14. Байланыш телефону _____________________________________________________________
15. Сыйлануучунун өзгөчө сиңирген эмгеги:
__________________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________
(өтүнүч берген мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын,
ишкананын, мекеменин, уюмдун аталышы)
Изденүүчү _________________________________________________________________________
(изденүүчүнүн аты-жөнү, кызмат орду)
Чечим кабыл алынды
__________________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________
(кандай чечим кабыл алынды, датасы, чечимдин №)
Жетекчи
______________________________________________ __________________________
(аты-жөнү, кызмат орду) (колу)
20___-жылдын "___" ________________ М.О.
16. Сыйлоого сунуштаган субъект:
__________________________________________________________________________________
(органдын, уюмдун аталышы)
Изденүүчү
__________________________________________________________________________________
(изденүүчүнүн аты-жөнү, кызмат орду)
Чечим кабы алынды
__________________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________
(кандай чечим кабыл алынды, датасы, чечимдин №)
Жетекчи
______________________________________________ __________________________
(аты-жөнү, кызмат орду) (колу)
20___-жылдын "___" ________________ М.О.
Эскертүү: сыйлануучунун фамилиясы, аты, атасынын аты паспорт боюнча толтурулат.