Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ат-Башы айылдык кеңешинин депутаттарынын VIII чакырылышынын кезектеги ХVI сессиясы

 

2024-жылдын 19-апрели  №16-1

Бириктирилген Ат-Башы айыл аймагынын

чек арасын аныктоо жөнүндө

 

Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ат-Башы айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Ат-Башы айыл аймагынын административдик чек арасынын схематикалык картасын карап чыгып жана талкуулап,  көпчүлүк депутаттардын колдоосуна ээ болбогондугуна байланыштуу Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Күн тартибиндеги “Бириктирилген Ат-Башы айыл аймагынын чек арасын аныктоо жөнүндөгү” маселе көпчүлүк депутаттардын колдоосуна алынбагандыгы белгиленсин.

 

 

Тѳрага

Э. Толубаев