Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 28-февралы ПЖ № 47
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 25-апрелиндеги № 94 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тарых илимин өнүктүрүү боюнча Комиссияны уюштуруу жана Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын "Мурас" Фондун түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 25-апрелиндеги № 94 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тарых илимин өнүктүрүү боюнча Комиссияны уюштуруу жана Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын "Мурас" Фондун түзүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган Жарлык менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тарых илимин өнүктүрүү боюнча Комиссиянын курамы ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
2) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тарых илимин өнүктүрүү боюнча Комиссия жөнүндө жободо:
- 3-пунктта "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты," деген сөздөр алып салынсын;
- 11-пунктта "Президентинин Аппараты" деген сөздөр "Президентинин Администрациясы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 6-мартындагы № 33 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 25-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тарых илимин өнүктүрүү боюнча Комиссияны уюштуруу жана Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын "Мурас" Фондун түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 26-декабрындагы № 285 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 25-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тарых илимин өнүктүрүү боюнча Комиссияны уюштуруу жана Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын "Мурас" Фондун түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 10-мартындагы № 46 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 25-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тарых илимин өнүктүрүү боюнча Комиссияны уюштуруу жана Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын "Мурас" Фондун түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
| Тиркеме |
"Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тарых илимин өнүктүрүү боюнча Комиссиянын КУРАМЫ
Койчиев Арслан Капайович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, Комиссиянын төрагасы; |
Капалбаев Октябрь Эркинович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальнигинин орун басары - стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн башчысы, Комиссиянын төрагасынын биринчи орун басары; |
Максутов Алтынбек Аскарович | - | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри, Комиссиянын төрагасынын орун басары; |
Кендирбаева Догдуркул Шаршеевна | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри, Комиссиянын төрагасынын орун басары; |
Турсунбеков Замирбек Аманканович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн башкы эксперти, Комиссиянын жооптуу катчысы. |
Комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Алыбаева Мария Артельевна | - | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынын төрагасы; |
Абдырахманов Толобек Абылович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, тарых илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча); |
Асанканов Абылабек Асанканович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Б.Джамгерчинов атындагы Тарых археология жана этнология институтунун директору, академик (макулдашуу боюнча); |
Алымбаев Жээнбек Байсбекович | - | Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин тарых бөлүмүнүн башчысы, тарых илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча); |
Батырбаева Шайыргул Жолдошевна | - | Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Тарых жана чөлкөм таануу институтунун археология, этнология, булак таануу, тарыхнаама кафедрасынын профессору, санарип музей илимий-изилдөө билим берүү борборунун жетекчиси, тарых илимдеринин доктору (макулдашуу боюнча); |
Джуманалиев Тынчболот Дадыйевич | - | Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин деканы, тарых илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча); |
Дуйшеев Женишбек Аматисакович | - | К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин философия жана табигый-илимий дисциплиналар кафедрасынын доценти, тарых илимдеринин кандидаты (макулдашуу боюнча); |
Жоошбекова Айнагул Рысбаевна | - | И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Кыргызстан тарыхы жана этнология кафедрасынын башчысы, тарых илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча); |
Иманкулов Мурат Калматович | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Кыргыз билим берүү академиясынын социалдык-гуманитардык билим берүү лабораториясынын башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент (макулдашуу боюнча); |
Каана Айдаркул | - | И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Кыргызстан тарыхы жана этнология кафедрасынын профессору, тарых илимдеринин доктору (макулдашуу боюнча); |
Каратаев Олжобай Каратаевич | - | Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин чөлкөм таануу жана кыргыз таануу кафедрасынын профессору, тарых илимдеринин доктору (макулдашуу боюнча); |
Кожобеков Мурат Чалакеевич | - | Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин доценти, тарых илимдеринин кандидаты (макулдашуу боюнча); |
Конкобаев Кадыралы | - | Эл аралык медицина университетинин ректорунун кеңешчиси, филология илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча); |
Кочкунов Айдарбек Сулайманкулович | - | Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин эл аралык байланыштар жана политология кафедрасынын профессору, тарых илимдеринин доктору (макулдашуу боюнча); |
Курманов Зайнидин Карпекович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясынын илимий иш боюнча проректору, тарых илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча); |
Машрапов Таласбек Туратбекович | - | X.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин деканы, тарых илимдеринин кандидаты, профессор (макулдашуу боюнча); |
Мокеев Анварбек Макеевич | - | Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин профессору, тарых илимдеринин доктору (макулдашуу боюнча); |
Молдокасымов Кыяс Сатарович | - | Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын "Мурас" фондунун төрагасы, тарых илимдеринин кандидаты (макулдашуу боюнча); |
Ормушев Асан Сулайманович | - | Кувейт эл аралык университетинин эл аралык байланыштар кафедрасынын профессору, тарых илимдеринин доктору (макулдашуу боюнча); |
Осмонов Оскон Джусупбекович | - | К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин тарых жана философия кафедрасынын башчысы, тарых илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча); |
Солтобаев Ороз Азекович | - | Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Тарых жана чөлкөм таануу институтунун археология, этнология, булак таануу, тарыхнаама кафедрасынын доценти, санарип музей илимий-изилдөө билим берүү борборунун жетекчиси, тарых илимдеринин кандидаты (макулдашуу боюнча); |
Сырдыбаев Туратбек Токтобекович | - | Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Тарых жана чөлкөм таануу институтунун директору, тарых илимдеринин кандидаты (макулдашуу боюнча); |
Табалдиев Кубатбек Шакиевич | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин консультанты, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин профессору, тарых илимдеринин доктору (макулдашуу боюнча); |
Турдалиева Чолпон Джапарбековна | - | Борбордук Азиядагы Америка университетинин антропология программасынын профессору, тарых илимдеринин доктору (макулдашуу боюнча); |
Чороев Тынчтыкбек Кадырмамбетович | - | Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин чөлкөм таануу жана кыргыз таануу кафедрасынын профессору, тарых илимдеринин доктору (макулдашуу боюнча).". |