Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 30-апрели №18-6
Салыктык эмес жыйымдарды чогултууда көмөк көрсөткөн квартал башчыларына айына чогултулган сумманын эсебинен 10 % бөлүп, сый акы катары төлөп берүү жөнүндө
Салыктык эмес жыйымдарды чогултууда көмөк көрсөткөн квартал башчыларына айына чогултулган сумманын эсебинен 10 % бөлүп, сый акы катары төлөп берүү жөнүндөгү “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасынын директору К. Кулуевдинсунушунун негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салыктык эмес жыйымдарды чогултууда көмөк көрсөткөн квартал башчыларына айына чогултулган сумманын эсебинен 10 % бөлүп, сый акы катары төлөнүп берилсин;
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасынын директору К. Кулуевге милдеттендирилсин.
Тѳрага | Э. Толубаев |
|
|