Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 30-майындагы N 2124-VII токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому
2024-жылдын 28-февралы № 1907-VII
Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Жарандык маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу
(КР Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 11-апрелиндеги № 1988-VII токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 59 жана 60-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2023-жылдын 20-декабрында кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Жарандык маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобу төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
1) Н.О.Сыдыгалиев - Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин мүчөсү, макулдашуу тобунун тең төрагасы;
2) Ж.К.Акаев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, мыйзам долбоорунун демилгечиси;
3) З.А.Аскарова - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин биринчи орун басары, макулдашуу тобунун тең төрагасы;
4) Э.М.Ашырбаев - Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары.
(КР Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 11-апрелиндеги № 1988-VII токтомунун редакциясына ылайык)
2. Макулдашуу тобу жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын макулдашылган вариантын жана түзөтүүлөрдүн таблицасын 30 жумуш күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Н.Азыгалиев |