Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2024-жылдын 23-апрели № 37
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу,депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Ош, Жумгал, Нарын, Жети-Өгүз жана Чаткал аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу,депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери келип түштү.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн1-пунктунун негизинде, депутаттар депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө:
- Ош аймактык шайлоо комиссиясынын 19.04.2024-ж. №4– Ош шаарынын Ош шаарыдык кеңеши боюнча;
- Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын 17.04.2024-ж. №5– Нарын облусунун Жумгал районундагы Баш-Кууганды айылдык кеңеши боюнча;
- Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын 17.04.2024-ж. №1– Нарын облусунун Нарын районундагы Он-Арча айылдык кеңеши боюнча;
- Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын 15.04.2024-ж. №2– Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңеши боюнча;
- Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын 16.04.2024-ж. №3– Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Чаткал айылдык кеңеши боюнча.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 11-пунктунун жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн9-пунктунун негизинде, депутат каза болгондугуна байланыштуу жергиликтүү кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө:
- Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын 15.04.2024-ж. №2– Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Ырдык жана Жаргылчак айылдык кеңештери боюнча.
Жеке арыздардын негизинде депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жөнүндө:
- Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын 17.04.2024-ж. №6– Нарын облусунун Жумгал районундагы Баш-Кууганды айылдык кеңеши боюнча.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн3-пунктунун жана 1-1-бөлүгүнүн негизинде, бош калган мандаттарды саясий партиянын тизмесинде шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө:
- Ош аймактык шайлоо комиссиясынын 19.04.2024-ж. №4– Ош шаарынын Ош шаарыдык кеңеши боюнча.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн1-пунктунун негизинде, бош калган мандаттарды тиешелүү бир мандаттуу шайлоо округ боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө:
- Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын 17.04.2024-ж. №1– Нарын облусунун Нарын районундагы Он-Арча айылдык кеңеши боюнча;
- Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын 15.04.2024-ж. №2– Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Ырдык айылдык кеңеши боюнча.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-2-бөлүгүнүннегизинде, бош калган мандаттарды резервге калтыруунун негизинде мандат алган депутат-аялдын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда тийиштүү шайлоо округунда шайлоочулардын кыйла көп добуштарын алган кийинки талапкер аялга өткөрүп берүү жөнүндө:
- Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын 15.04.2024-ж. №2– Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңеши боюнча.
Аймактык шайлоо комиссияларынын кабыл алынган чечимдери«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык келет.
«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, «Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет».
Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4,8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош, Жумгал, Нарын, Жети-Өгүз жана Чаткал аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу боюнча чечими 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Ош, Нарын жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардын талапкерлеринин катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
5. Ош, Нарын жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 3-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жанаКыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н. Шайлдабекова |
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча борбордук комиссиясынын
2024-жылдын 23-апрелиндеги
№ 37 токтомунун 1-тиркемеси
Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган
жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын тизмеси
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Ош шаары | |||
1. | Ош шаардык | Атабекова Айгулья Гуламидиновна (72) «Ата-Журт Кыргызстан» депутаттык фракциясы | Ош АШК, №4, 19.04.2024-ж. (15.04.2024-ж. өз арызы) |
Нарын облусу | |||
Жумгал району | |||
2. | Баш-Кууганды айылдык (№1 Баш-Кууганды шайлоо округу) | Ажыгулов Асылбек Калыбекович | Жумгал АШК, №5, 17.04.2024-ж. (03.04.2024-ж. өз арызы) |
Нарын району | |||
3. | Он-Арча айылдык (№1 Он-Арча шайлоо округу) | Касымалиев Алмирбек Төлөмүшович | Нарын АШК, №1, 17.04.2024-ж. (28.03.2024-ж. өз арызы) |
Ысык-Көл облусу | |||
Жети-Өгүз району | |||
4. | Кызыл-Суу айылдык (№2 Аскер шайлоо округу) | Бектемирова Жыпаркүл Кутмүдүновна | Жети-Өгүз АШК, №2, 15.04.2024-ж. (12.04.2024-ж. өз арызы) |
5. | Ырдык айылдык (№1 Ырдык шайлоо округу) | Юсупов Хаким Салмазович | Жети-Өгүз АШК, №2, 15.04.2024-ж. (ЖААКтын 09-05 региондор аралык бөлүмү тарабынан 2024-жылдын 4-мартында берилген каза болгондугу тууралуу №KGZ07 0263140 күбөлүгү) |
6. | Жаргылчак айылдык (№3 Кичи-Жаргылчак шайлоо округу) | Сокоев Данияр Белекович | Жети-Өгүз АШК, №2, 15.04.2024-ж. (Жети-Өгүз райондук ЖААК бөлүмү тарабынан 2023-жылдын 3-июлунда берилген каза болгондугу тууралуу №KGZ07 0230443 күбөлүгү) |
Жалал-Абад облусу | |||
Чаткал району | |||
7. | Чаткал айылдык (№1 Жаңы-Базар шайлоо округу) | Бактыбек уулу Нурбек | Чаткал АШК, №3, 16.04.2024-ж. (08.04.2024-ж. өз арызы) |
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы |
|
М. Кожокеев
|
Аткаруучу: Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти |
|
А. Аккозиев |
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча борбордук комиссиясынын
2024-жылдын 23-апрелиндеги
№ 37 токтомунун 2-тиркемеси
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин катталган
тизмесинен чыгарылган талапкерлердин тизмеси
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф. А. А. | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Нарын облусу | |||
Жумгал району | |||
1. | Баш-Кууганды айылдык (№1 Баш-Кууганды шайлоо округу) | Токтоналиев Рахатбек Чыналиевич | Жумгал АШК, №6, 17.04.2024-ж. (12.04.2024-ж. өз арызы) |
2. | Кубатбек уулу Нурсултан | Жумгал АШК, №6, 17.04.2024-ж. (13.04.2024-ж. өз арызы) | |
3. | Жумабаев Марат Уметбекович | Жумгал АШК, №6, 17.04.2024-ж. (16.04.2024-ж. өз арызы) | |
4. | Дербишалиев Рустам Карыпжанович | Жумгал АШК, №6, 17.04.2024-ж. (13.04.2024-ж. өз арызы) | |
5. | Джоошев Дөөлөтбек Курманбекович | Жумгал АШК, №6, 17.04.2024-ж. (16.04.2024-ж. өз арызы) | |
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы |
|
М. Кожокеев
|
Аткаруучу: Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти |
|
А. Аккозиев |
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча борбордук комиссиясынын
2024-жылдын 23-апрелиндеги
№ 37 токтомунун 3-тиркемеси
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары
деп таанылган талапкерлердин тизмеси
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф. А. А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Ош шаары | ||||
1. | Ош шаардык | Бекташова Гүлмира Рашитовна (33) «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясы | Убактылуу иштебейт | Ош АШК, №4, 19.04.2024-ж.
|
Нарын облусу | ||||
Нарын району | ||||
2. | Он-Арча айылдык (№1 Он-Арча шайлоо округу) | Кенжешов Кубанычбек Жамалбекович | Ж.Иманалиев атындагы орто мектеби, мугалим | Нарын АШК, №1, 17.04.2024-ж.
|
Ысык-Көл облусу | ||||
Жети-Өгүз району | ||||
3. | Кызыл-Суу айылдык (№2 Аскер шайлоо округу) | Саткын кызы Алтынай | С.Абдрахманов атындагы орто мектеби, мугалим | Жети-Өгүз АШК, №2, 15.04.2024-ж.
|
4. | Ырдык айылдык (№1 Ырдык шайлоо округу) | Докеев Нурбек Каирович | Дыйкан чарбанын мүчөсү | Жети-Өгүз АШК, №2, 15.04.2024-ж.
|
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы |
|
М. Кожокеев
|
Аткаруучу: Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти |
|
А. Аккозиев |