БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Багыш айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XХVIII-сессиясынын
2024-жыл 19-февраль №3
“Багыш айыл өкмөтүнүн
2024-жылдын 1-январына карата атайын каражаттардан калган
калдыктарды бөлүштүрүү жөнүндө”
Багыш айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу У.Жолборсовдун кайрылуусун, Багыш айыл ѳкмѳтүнүн аймагында жайгашкан мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын ата-энелер комитетинин протоколдук чечимдеринин угуп, талкуулап жана Багыш айылдык кеңешинин бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, транспорт, кызмат көрсөтүү жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын 12.02.2024-жылдагы №3 протоколдук чечимин жетекчиликке алып, Багыш айылдык кеңеши токтом кылат:
- Багыш айыл өкмөтүнүн атайын каражаттар эсеп счетунда 2024-жылдын 01-
январына карата 2078,5 миң сом калдык калган. Багыш айыл ѳкмѳтүндѳ 2024-жылда аткарылбай калган жумуштарды аткаруу максатында тѳмѳндѳгүдѳй бѳлүнсүн:
70111- Башкаруу бѳлүмүнѳ:
- Канцелярдык товар алууга (3112) - 2,5 миң сом;
- Элдик салым(кайтаруу) (3112) - 757,8 миң сом;
Бардыгы: -760,3 миң сом.
70911-Мектепке чейинки билим берүү мекемелерине:
- Тамак-аш азыктулугун алууга (2218) -1015,4 миң сом;
2.1. “Кун-Нуру” бала бакчасына (2221) -302,8 миң сом;
Бардыгы: - 1318,2 миң сом;
Бардыгы: 2078,5 миң сом акча каражаты бюджеттик классификацияга бекитилсин.
- Токтомдун аткарылышы Багыш айыл ѳкмѳтүнүн Финансы-экономика бѳлүмүнѳ
милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Багыш кеңешинин бюджет, каржы,
муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, транспорт, кызмат көрсөтүү жана экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Ташболотовго жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Багыш айылдык кеңешинин бюджет,
каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, транспорт, кызмат көрсөтүү жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Ташболотовго жүктөлсүн.
- Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция
органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага: | Ж.Сейдахматов
|