| Бекитем Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы ______________Т.И.Токтоболотов Каргалык айылдык кеңешинин кезектеги IV сессиясынын №18 токтомуна тиркеме 5- апрель 2024-жыл
|
«Каргалык айыл өкмөтүнүн Казарман айылынын инфраструктурасын , санитардык абалын жакшыртуу, көчөлөрдү ирээтке келтирүү жана жашылдандыруу, көрктөндүрүү боюнча “Мыктылар -2024” сынагынын
Жобосу”
1. Жалпы Жобо
«Мыктылар-2024» сынагынын максаты:
Каргалык айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүшүн жакшыртуу, маданий-тиричилик, санитардык жана эстетикалык деңгээлин жогорулатуу, жашылдандыруу, көрктөндүрүү, коомдук тартипти, калктын ички биримдигин жана ынтымагын чыңдоо. Эң башкы максаты ар бир айылда, ар бир көп кабаттуу үйлөрдү, ар бир көчөлөрдө жана кондоминиумдарда айыл тургундарынын арасында тартип, тазалык (ден соолук) тарбия маселелери боюнча түшүндүрүү жана уюштуруу иштерин системалуу жүргүзүү болуп саналат.
1. Кароо-сынакты өткөрүүнү координациялоону жана жыйынтыгын чыгарууну атайын түзүлгөн жумушчу топ тарабынан ишке ашырат жана аныктайт.
2. Жумушчу топтун курамы айыл өкмөт башчысынын буйругу менен бекитилет.
2. Сынакты өткөрүүнүн тартиби:
- Сынакты өткөрүү боюнча активдүү жашоочулардан, чөлкөм башчыларынан, коомдук уюмдун өкүлдөрүнун ж.б өкүлдөрдөн турган курамда жумушчу топ түзүлөт. Жумушчу топтун курамы 7 адамдан ашпайт. Жумушчу топ «Мыктылар-2024» сынагын Жобого ылайык уюштурууга жана өткөрүүгө жооптуу болот жана милдеттеме алат;
- «Мыктылар-2024» сынагынын жыйынтыгын чыгаруу үчүн баалоо ченемдеринин (критерийлердин) негизинде 10 баллдык шкала боюнча жумушчу топ тарабынан чыгарылат;
- Кароо-сынактын жобосу айыл өкмөтү тарабынан мекеме, ишканалардын, башчыларына, коомчулукка (социалдык тармактарга да жарыяланат) жеткирилет;
- Кароо-сынактын жыйынтыгы 2024-жылдын жыйынтыгы 31.12.2024-жылы айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн жумушчу топ тарабынан чыгарылат;
- “МЫКТЫЛАР-2024” кароо-сынагы төмөндөгү номинациялар боюнча жарыяланат:
№ | Номинациянын аталышы | Жобонун критерийлери | Байгеси | Натыйжасы |
1 | МЫКТЫ КӨЧӨ | -жарыктандыруусу; -турак-жайлардын сырткы келбети; -көчөнүн абалы; -жашылдандыруу иштери; -көчөнүн аталышы жана үй номер коюлган табличкасы; -көчөнүн тазалыгы; -ж.б; | Жергиликтүү бюджеттен, коомдук фонддор жана демөөрчүлөр | Мыкты көчө номинациясында айыл ичинде 8 даана көчө аныкталып, жеңүүчүлөрүнө байге берилет. |
2 | МЫКТЫ ЖЕКЕ ТУРАК ҮЙ | -жашылдандыруу иштери; -турак үйдүн сырткы фасады; -тазалыгы; -коммуналдык төлөмдөрдү (свет, суу, таштанды ж.б.) төлөнүшү -жеринин жана үйунүн документтинин (кызыл китеп) мыйзамдуулугу; -мыйзамсыз жер тосуп алган эмесби; -мал багуу эрежелеринин сактоосу; -ж.б. | Жергиликтүү бюджеттен, коомдук фонддор жана демөөрчүлөр | Мыкты жеке турак үй номинациясында айыл ичинде 8 даана жеке турак үй аныкталып, жеңүүүлөрүнө байге берилет.
|
3 | МЫКТЫ КӨП КАБАТТУУ ҮЙ | -Сырткы келбети (акталганбы, сырдалганбы); -фасады, эшик алды, подьезддери жана подвалдары (жер төлөмдөрү) жарыктандырылганбы; - подьездердин жалпы абалы; -подвалдардын абалы; -көп кабаттуу турак үйгө тийиштүү гараж жана очокканын абалдары, муниципалдык жерлерге ижаранын төлөнүшү; -гараждар ирээтке келтирилгенби; -жашылдандыруу иштери; -жалпы жашоочулардын коммуналдык төлөмдөрү (свет, таштанды, суу, жылуулук) төлөөсү; -коомдук жумуштарга катышуусу (элдик жыйындар, ишембилик); -ж.б. | Жергиликтүү бюджеттен, коомдук фонддор жана демөөрчүлөр | Мыкты көп кабаттуу турак жай номинациясында айыл ичинен 1 гана көп кабаттуу үйгө берилет. |
4 | МЫКТЫ ПОДЬЕЗД | -Жалпы абалы; -эшиги, терезелердин абалы, сырдалганбы; -тазалыгы, тазалоо боюнча атайын дежурство уюшулганбы; -түнкү жарыгы; -батирлердин эшиктеринде номерлер коюлганбы; -жашоочулардын коммуналдык төлөмдөрү (свет, суу, таштанды, жылулуук ж.б.) төлөөсү; -ж.б
| Жергиликтүү бюджеттен, коомдук фонддор жана демөөрчүлөр | Мыкты подъезд номинациясында көп кабаттуу үйлөрдүн ичинен 1 даана подъезд аныкталып байге берилет.
|
5 | МЫКТЫ ҮЙ БАШКАРУУЧУ (ДОМ КОМ)
| -Иштерди уюштуруучулугу; -жасаган иштери боюнча отчеттуулугу; -жашаган жашоочулар боюнча анализи; -аз камсыз үй бүлөлөргө жардамдарды уюштуруу иштери; -демилгелүүлүгү; -демөөрчүлөрдү тартуу иштери; -ж.б.
| Жергиликтүү бюджеттен, коомдук фонддор жана демөөрчүлөр |
|
6 | МЫКТЫ МЕКЕМЕ | -Мекеменин сырткы келбети; -түнкү жарыгы; -тазалыгы; -жашылдандыруу иштери; -калкты тейлөөсү; -айылдын маданий массалык, спорт жана коомдук жумуштарга катышуусу; -мекеменин жетишкендиктери (сыйлыктары, баалуу белектери); -ички жана сырткы мамлекеттик символикалар; -ж.б. | Жергиликтүү бюджеттен, коомдук фонддор жана демөөрчүлөр | Сынак райондук мекеме, ишканалар арасында өткөрүлөт. |
7 | МЫКТЫ СООДА ТҮЙҮНҮ (кафе-ресторан) | -Соода түйүнүнүн сырткы келбети; -түнкү жарыгы; -тазалыгы; -жашылдандыруу иштери; -соода түйүнүнүн жетишкендиктери (сыйлыктары, баалуу белектери); -архитектуралык, санитардык талаптарга жооп берилиши; - элдин тейлөө шарттарынын абалы; | Жергиликтүү бюджеттен, коомдук фонддор жана демөөрчүлөр | Сынак Казарман айылындагы соода сатык түйүндөрүнүн, кафе-ресторандарынын арасында өткөрүлөт. |
- Кароо сынактын жалпы байге фонду сметага ылайык, каражат айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттен, коомдук фонддон жана демөөрчүлөрдөн каржыланат;
- Жумушчу топ кароо-сынактын жыйынтыгын чыгарып, көрктөндүрүү, жашылдандырууну аныктап, айыл өкмөтүнө сунуш киргизет.
Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы:
|
З.Э.Акунов |