КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин кезектеги IV сессиясы
2024-жыл 5-апрель №22
“Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы “Таза кызмат” муниципалдык ишканасынын 2024-жылдын 04-апрелиндеги № 4 чыгыш сандуу катын кароо жөнүндө (штаттык бирдик түзүмүн бекитүү)”
Каргалык айылдык кеңешинин алдындагы «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Дүйшөбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык кеңешинин кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы “Таза кызмат” муниципалдык ишканасынын 2024-жылга карата аппаратынын 10 (он) штаттык бирдик түзүмү, келишимдин негизинде 16 (он алты) штаттык бирдик түзүмү бекитилсин.
- “Таза кызмат” муниципалдык ишканасынын жумушчу-кызматчыларын штатка кабыл алууда Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы жана ФЭБ башчысы менен биргеликте иш алып баруу жагы “Таза кызмат” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ж.К.Исмаиловго милдеттендирилсин.
- Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы “Таза кызмат” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ж.К.Исмаиловго жана Каргалык айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Э.Өзүкановага жана Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Т.Жарбашовго милдеттендирилсин.
- Бул токтомду көзөмөлдөө «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Дүйшөбаевге тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: | Т.И. Токтоболотов |
Бекитем Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы________________Т.И.Токтоболотов кеңешинин кезектеги IV сессиясынын №22 токтомуна тиркеме 05.04.2024-жыл |
Таза-Кызмат МИнын 01.04.2024-жылга карата келишимдин негизиндеги кызматкерлердин штаттык бирдиги
- Айлана тазалоочу 10
- Сантехник 2
- Айдоочу 3
- Техничка 1
Жалпы 16
Жетекчи: К.Ж.Исмаилов
Бекитем Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы________________Т.И.Токтоболотов кеңешинин кезектеги IV сессиясынын №22 токтомуна тиркеме 05.04.2024-жыл |
Таза-Кызмат МИнын аппаратынын 01.04.2024-жылга карата штаттык бирдиги
- Жетекчи 1
- Башкы эсепчи 1
- Инженер-мастер 1
- Контролер 3
- Кароолчу 4
Жалпы 10
Жетекчи: Ж.К.Исмаилов