АЛГА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Алга айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 3- сессиясы
2024-жылдын 18-апрели № 12
Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Совет айылында жайгашкан үй-бүлө тибиндеги ”Кут кадам” балдар үйү мекемесинин жобосуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Оор турмуштук шарттагы жана зордук-зомбулукка кабылган жетим балдар жана ата-энесинин камкордугунан ажыраган, кароосуз балдарга жардам берүү үчүн Кадамжай шаарынын Северная көчөсүнүн №10 үйүндө “Теремек” балдар бакчасынын имаратында жайгашкан “Кут кадам”үй-бүлө тибиндеги балдар үйү убактылуу жайгашкандыктан Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Совет айылына көчүрүлүп келинип жайгашкан. “Кут кадам” үй-бүлө тибиндеги балдар үйүнү мекемесинин маселесин карап чыгып, талкуулап Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кенеши
Токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгынын негизинде Алга, Кыргыз-Кыштак жана Совет айыл аймактарын бириктирип Алга айылын административдик борбор деп аныктоо менен Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтү болуп өзгөргөндүктөн оор турмуштук шарттагы жана зордук зомблукка кабылган жетим балдар жана ата-энесинин камкордугунан ажыраган, кароосуз балдарга жардам берүү үчүн Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Совет айылында жайгашкан “Кут кадам” үй-бүлө тибиндеги балдар үйү мекемесинин жобосуна өзгөртүүлөр киргизилип бекитилсин.
2. Үй-бүлө тибиндеги”Кут кадам балдар үйү мекемесинин жобосу кайрадан бекитилип Баткен областтык юстиция башкармалыгынан кайрадан каттоодон өткөрүлсүн жана каттоодон өткөрүү жагы Молдо Нияз айыл өкмөтүнүн орун басары –жооптуу катчы Г.Осмоновага милдеттендирилсин
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламент депутаттык этика жана мандат, жарандардын укугун, кызыкчылыктарын жана мыйзамдуулукту укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | К.Машрапов |
|
|