Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 29-апрели № 207
Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 739, 2025-жылдын 28-августундагы № 531, 2025-жылдын 30-октябры № 706 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Азык-түлүк коопсуздугунун маанилүү курамдык бөлүгү болуп саналган суу пайдалануучулардын суу ресурстарын натыйжалуу жана туруктуу пайдалануусун камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 40-статьясын, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Мамлекеттик суу чарба системаларынан сугат суусун берүү, шаар статусу бар калктуу конуштардан тышкары жерлерде суу менен жабдуу жана саркынды сууларды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн ставкаларды бекитүү боюнча ыйгарым укуктар суу ресурстары чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинде:
13-пунктта:
- биринчи абзацта "Айыл чарба" деген сөздөр "Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 40-пунктча менен толукталсын:
"40) сугат суусун берүү, суу менен жабдуу жана саркынды сууларды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө ставкаларды белгилөөнүн тартибин.".
3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик менен биргеликте:
1) муниципалдык менчиктеги, суу пайдалануучулар ассоциацияларынын жана алардын бирикмелеринин пайдалануусундагы, ошондой эле ээси жок ирригациялык системаларды тактоо жана аныктоо боюнча жумушчу комиссияны түзсүн;
2) жумушчу комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча мыйзамдарда белгиленген тартипте 2026-жылдын 31-декабрына чейин мамлекеттик менчикке Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын тизмегине ылайык гидротехникалык курулмалары менен биринчи жана экинчи тартиптеги ички чарбалык ирригациялык каналдарды, декадалык жана суткалык жөнгө салуучу бассейндерди, көлмөлөрдү, насостук станцияларды жана скважиналарды кабыл алсын.
(КР 2025-жылдын 30-октябры № 706 Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
1) суу боюнча проблемалуу маселелерди чечүү үчүн облустук жана райондук суу чарба штабдарын түзсүн;
2) убактылуу сугат тармактарын тазалоого жана салууга көмөк көрсөтсүн.
3) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 531 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 739, 2025-жылдын 28-августундагы № 531 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |