Документке
Мурунку29.04.2024

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 2024-жылдын 29-апрели № 207

Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө

Азык-түлүк коопсуздугунун маанилүү курамдык бөлүгү болуп саналган суу пайдалануучулардын суу ресурстарын натыйжалуу жана туруктуу пайдалануусун камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 40-статьясын, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Мамлекеттик суу чарба системаларынан сугат суусун берүү, шаар статусу бар калктуу конуштардан тышкары жерлерде суу менен жабдуу жана саркынды сууларды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн ставкаларды бекитүү боюнча ыйгарым укуктар суу ресурстары чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинде:

13-пунктта:

- биринчи абзацта "Айыл чарба" деген сөздөр "Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 40-пунктча менен толукталсын:

"40) сугат суусун берүү, суу менен жабдуу жана саркынды сууларды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө ставкаларды белгилөөнүн тартибин.".

3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик менен биргеликте:

1) муниципалдык менчиктеги, суу пайдалануучулар ассоциацияларынын жана алардын бирикмелеринин пайдалануусундагы, ошондой эле ээси жок ирригациялык системаларды тактоо жана аныктоо боюнча жумушчу комиссияны түзсүн;

2) жумушчу комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча мыйзамдарда белгиленген тартипте ички чарбалык ирригациялык, мелиоративдик системаларды мамлекеттик менчикке кабыл алсын жана аларды белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын аймактык уюмдарынын балансына өткөрүп берсин.

4. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:

1) суу боюнча проблемалуу маселелерди чечүү үчүн облустук жана райондук суу чарба штабдарын түзсүн;

2) убактылуу сугат тармактарын тазалоого жана салууга көмөк көрсөтсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У.Жапаров

Жаңы06.12.2024

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы N 739 токтомунун редакциясына ылайык)

3) Ысык-Көл облусунун Түп району, Нарын облусунун Кочкор району жана Жалал-Абад облусунун Сузак району Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын аймактык бөлүмдөрү тарабынан ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын эксплуатациялоо пилоттук режимде апробациялануучу райондор болуп аныкталсын.