Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛГА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Алга айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 4- сессиясы

 

2024-жылдын 18-апрели № 13

Молдо Нияз айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын макулдашуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Баткен облусунун Кадамжай районунун Молдо Нияз айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Молдо Нияз айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып жана талкуулап Молдо Нияз айыл аймагынын  айылдык кеңеши

                                                   ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Молдо Нияз айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.

 

  1. Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасына жана Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына Схемалык картага кол коюу тапшырылсын.

 

  1. Бул токтомдун көчүрмөсү Кадамжай райондук  мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

 

Тѳрага

К.Машрапов