ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеӊешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХХII сессиясы
2023-жылдын 14-июлу № 171
Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу трансформатордун бош жүргүзүлгөндүгү үчүн (холостой ход) эсептелинген карыз акча каражатын төлөөгө макулдук берүү жөнүндө
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы М.Калбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы токтом кылат:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы М.Калбаевдин Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу трансформатордун бош жүргүзүлгөндүгү үчүн (холостой ход) эсептелинген карыз 110125 сом акча каражатын төлөөгө макулдук берүү жөнүндө билдирүүсү эске алынсын.
2. Аталган сумма 2231 беренесинде жок болгондугуна байланыштуу, Аппараттын 2215 беренесине каралган 110125 (бир жүз он миң бир жүз жыйырма беш )сом акча каражатын 2231 беренесине жылдырууга макулдук берилсин.
3. Жылдырылган акча каражаты боюнча тиешелүү каржылык операцияларды жүргүзүү жагы айыл өкмөттүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Калбаевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы А.Байсабаевке милдеттендирилсин.
5. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: | А. Дөөлөткелдиев |