Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 12-апрели № 185
Расмий жана башка документтерди сапаттуу которууну жана редакциялоону камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-апрелиндеги № 138 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Котормо борборун түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 3-пунктта "7" деген цифра "17" деген цифраларга алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Котормо борбору жөнүндө жободо:
- 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Борбордун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз алдынча балансы, алыш-бериш жана башка эсептери бар.";
- 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Борбордун толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Котормо борбору";
- расмий тилде: "Центр перевода Кабинета Министров Кыргызской Республики".";
- 15-пунктунда:
2-пунктчасында "котормо" деген сөз "которуу жана редакциялоо" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6-пунктчасында "кредиттерди, гранттарды жана башка" деген сөздөр алып салынсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 17-1-пункт менен толукталсын:
"17-1. Борбордун кызматкерлери кызматтык, коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сырды сактоого милдеттүү.";
- 18-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) республикалык бюджеттин каражаттарынан;";
- 19-пункттун 4-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) Борбордун кызматкерлерине материалдык жардам бөлүп берүүгө жана сый акыларды төлөөгө.";
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 27-тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 19-апрелиндеги № 30 (3583) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |