АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Арстанбап айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIXсессиясынын
2024-жыл 1-февраль №3
“Арстанбап айыл Өкмөтүнө караштуу муниципалдык мүлктү ижарага берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 28-июлундагы №189 буйругунун негизинде Муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүнүн тартиби жөнүндөгү типтүү жобонун 8-глава 71,72 бөлүмдөрүнө ылайык, Арстанбап айылынын тургуну жеке ишкер Досматов Аманбай Эсанович арызын угуп жана талкуулап Арстанбап айылдык Кеңешинин VIII чакырылыш XIX сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Арстанбап айыл өкмөтүнүн карамагындагы 3(үч) темир боз үй Досматов Аманбай Эсановичге ижарага пайдаланууга келишим негизинде берилсин.
2. Ижара баасы жылына ар бир боз үй үчүн 10 000 (он миң ) сомдон , 30000 (отуз миң) сом деп белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысы И.Чолпановко жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөну өзүмө калтырамын.
Арстанбап айылдык Кеңешинин төрагасы:
|
Ж.Абдухалилов |