САРЫ-МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Могол айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын кезексиз 11-отуруму
2023-жылдын 25-июну № 11
Сары-Могол айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашcы боюнча 2024-жылга долбоору жана 2025-2026-жылдарга божомолу жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин” негизинде Сары-Могол айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын кезектеги 8- отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Могол айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2024-жылга долбоору 15873,9 миң сомго, анын ичинен өздүк киреше 3904,0 миң сом, (анын ичинен атайын каражат 200,0 мин сом) толуктоочу трансферт 11969,9 миң сомго бекитилсин.
2. Сары-Могол айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүүн 2025-жылга божомолу 15998,5 миң сомго, анын ичинен өздүк киреше 3977,0 миң сом, (анын ичинен атайын каражат 200,0 мин сом) толуктоочу трансферт 12021,5 миң сомго жактырылсын.
3. Сары-Могол айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүүн 2026-жылга божомолу 16029,2 миң сомго, анын ичинен өздүк киреше 3977,0 миң сом, (анын ичинен атайын каражат 200,0 мин сом) толуктоочу трансферт 12052,2 миң сомго жактырылсын.
4. Корголгон беренелердин (эмгек акы, социалдык фондуна чегерүүлөр, дары-дармектерди жана тамак-аш азыктарын сатып алуу, көмүр, отун жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр) чыгашаларын каржылоо биринчи кезектеги тартипте жүргүзүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өнөр-жай, курулуш, транспорт, соода байланыш, инвестиция, энергетика маселелери жана социалдык-экономикалык өнүүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилип, аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Анарбаевге жана финансы–экономика бөлүмүнүн башчысы А.Исмановго жүктөлсүн.
Төрага: | Жээнбай у М. |