АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Арстанбап айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIXсессиясынын
2024-жыл 1-февраль №6
“Унаа токтотуу жайга жер ажыратүү жөнүндө”
Арстанбап айыл аймагынын айдоочуларынан келип түшкөн арызды угуп жана талкуулап Арстанбап айылдык Кеңешинин VIII чакырылыш XIX сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1.Арстанбап айылынын Р.Палван көчөсүнүн киреберишинде спорт зал куруу үчүн ажыратылган жер менен чектеш, жер атайын унаа токтоочу жайга ажыратып берилсин.
2.Ажыратылган жердин чыгыш тарабын ,(сай агып өткөн) бетон менен бекемдөө иштери эл салымы жана айыл өкмөт тарабынан ишке ашырылсын.
3.Унаа токтоочу жайдын иш кагаздары даярдалып ишке тушурулсун.
4. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөну өзүмө калтырамын.
Арстанбап айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Ж.Абдухалилов |