Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кадамжай шаардык Кеңешинин IV-чакырылышынын кезексиз 41 - сессиясы

2024-жылдын 19-апрели № 187

Кадамжай шаардык мэриясынын 2024-жылдын 18-мартындагы 01-06-464 номери менен чыгышталган “Шаардын таштанды таштоочу жайынын түндүк тарабында жайгашкан 1,70 га жер тилкесин жайыт жер категориясынан өнөр жай категориясына которуу жөнүндө” кайрылуусу

         

Кадамжай шаардык кеңеши Кадамжай шаардык мэриясынын 2024-жылдын 18-мартындагы 01-06-464 номери менен чыгышталган“Шаардын таштанды таштоочу жайынын түндүк тарабында жайгашкан 1,70 га жер аянтын таштандыны кайра иштетүүчү завод куруу үчүн жайыт жер категориясынан өнөр-жай категориясына которуу жөнүндө” кайрылуусун жана шаардык кеңештин жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап, талкуулап чыгып,  Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине негиз 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Кадамжай шаарынын таштанды таштоочу жайынын түндүк тарабында жайгашкан 1,70 га жер аянтын таштандыны кайра иштетүүчү завод куруу үчүн  жайыт жер категориясынан өнөр-жай категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

           

 

Кадамжай шаардык

кеңешининтѳрагасы:

 

А.Абдыразаков