Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 26-апрели № 198-т
"Радионавигация" мамлекеттер аралык кеңештин натыйжалуу ишин камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-апрелиндеги № 165-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн буйрук менен бекитилген Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин тармактык кызматташуу органдарындагы Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүнүн тизмесинде:
- 21-пунктта "Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигине караштуу "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |