САРЫ-МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Могол айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 12-отуруму
2023-жылдын 8-августу № 12/4
Сары-Могол айылынын тургуну Кудайберген уулу Абдыганыга жаш адистерди колдоо максатында Сары-Могол айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 50 000 (элүү миң) сом акча каражатын сурап жазган арызы боюнча жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысынын баяндамасын угуп Сары-Могол айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Могол айылынын тургуну Кудайберген уулу Абдыганыга жаш адистерди колдоо максатында Сары-Могол айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 50 000 (элүү миң) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен бөлүнүп берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Анарбаевге жана ФЭБ башчысы А.Исмановго тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айылдык кеңештин бюджет боюнча комиссиясынын төрайымы Т.Мурзакуловага тапшырылсын.
Төрага: | Жээнбай уулу М |