Редакцияот 1.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Арстанбап айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясынын

 

2024-жыл 1-февраль №9

 

“Арстанбап –Ата Кумбөзун астындагы чайхананы ижарага берүү жөнүндө.”

 

Арстанбап Жаме мечитинин аксакалдарынан жана жамаатынан келип түшкөн арызды угуп жана талкуулап Арстанбап айылдык кеңешинин VIII чакырылыш кезектеги XIX сессиясы

 

Т О К Т О М     К Ы Л А Т

 

1.Арстанбап ата кумбөзүнүн астындагы чайхана, келген зияратчыларга жакшы кызмат көрсөтүү жана туура багыт берүү, санитардык аабалды жакшыртуу максатында Арстанбап- Ата Жаме мечитине ижарага берилсин.

 

2.Жылдык ижара акысы 12 (он эки) миң сом деп белгиленсин.

 

3.Чайхананын абалы, ремонту, идиш аяктары , гилем төшөктөрүн жаңылап санитардык абалын кароо Арстанбап Жаме мечитинин башкы имам хатибине милдеттендирилсин.

 

4.Токтомдун аткарылышы Арстанбап айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

 

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагын өзүмө калтырамын.

 

 

Арстанбап айылдык Кеңешинин

төрагасы:

 

Ж.Абдухалилов