Редакцияот 01.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Арстанбап айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясынын

 

2024-жыл 1-февраль №11

 

“Арстанбап айыл аймагына караштуу Арстанбап айылында жайгашкан жер аянттарын айыл өкмөтүнүн реестрине киргизүү жөнүндө”

 

Арстанбап айыл өкмөтүнүн жер адиси тарабынан жер аянттарын муниципалдык менчик кылып реестрге киргизүү жөнүндө келип түшкөн сунушун угуп жана талкуулап Арстанбап айылдык Кенешинин VIII чакырылыш XIX сессиясы

 

Т О К Т О М К Ы Л А Т

 

1.Арстанбап айыл аймагынын борборунан күн батышка карай кеткен Арстанбап көчөсүнүн оң жагында жайгашкан эски жалпы жамааттык ажаткананын 70 м2 жер аянты, чыгышты көздөй кеткен жолдогу көпрөдөн өткөндөгү оң жактагы 125 м2 жер аянты жана Ю.Исламов көчөсүндө сайдын жээгинде жайгашкан 60 кв.м жер аянты муниципалдык менчик реестрине алынсын.

 

2.Токтомдун аткарылышын Арстанбап айыл Өкмөтүнүн башчысы И.С.Чолпоновко милдеттендирилсин.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

 

Арстанбап айылдык Кеңешинин

төрагасы:

 

Ж.Абдухалилов