Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 26-апрели №169
Баткен облусунун өнүктүрүү фондуна сунушталган “Сүлүктү шаарындагы тигүү цехине жабдыктарды сатып алуу жана орнотуу” долбооруна өздүк салым 500 000 миӊ сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттен бөлүүгө макулдук берүү жөнүндө
Сүлүктү шаарынын мэриясынын 25.04.2024ж. №01-7/988 сандуу Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин 3111 беренесинин иш чарасынын планын өзгөртүп Баткен облусунун өнүктүрүү фондуна сунушталган “Сүлүктү шаарындагы тигүү цехине жабдыктарды сатып алуу жана орнотуу” долбооруна өздүк салым 500 000 миӊ сом акча каражатын бөлүүгө макулдук берүү жөнүндөгү каты боюнча шаардык кеӊештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27, 34 беренелеринин негизинде шаардык кеӊеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин 3111 беренесинин иш планын өзгөртүп Товарная көчөсүнүн борбордук аянтчасына асфальт төшөөгө бөлүнгөн 1000000 сом акча каражатынан Баткен облусунун өнүктүрүү фондуна сунушталган “Сүлүктү шаарындагы тигүү цехине жабдыктарды сатып алуу жана орнотуу” долбооруна өздүк салым 500 000 миӊ сом акча каражатын бөлүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
| М.А.Кутбидинов |