Редакцияот 04.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин ХХVIII -чакырылышынын 19-сессиясынын 19/3 токтому

 

2024-жылдын 4-апрели  № 19/3

 

Жеке менчик турак жайларын куруу үчүн жер участокторун бекитип берүүгө маакулдук берүү  жөнүндө

 

Жер мунапысын жүргүзүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291-токтомунун, Нарын районунун аймагында жер мунапысын жүргүзүү үчүн түзүлгөн комиссиянын 2024-жылдын 25-январындагы №67 чечимин, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 27-январындагы №23-б буйругун аткаруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин нормаларына ылайык, Дөбөлү айылдык Кеңешинин  ХХVIII чакырылышынын кезексиз  19-сессиясы,    токтом кылат:

 

  1. Дөбөлү  айыл   аймагынын Дөбөлү айылындагы төмөндө көрсөтүлгөн жер аянты Дөбөлү айылынын тургундарына турак жай куруу үчүн жеке менчигине бекитип берүүгө макулдук берилсин.

 

№

А.А.А

Аянты м2

Контур №

Айылы

1

Закиров Адил Тынчтыкбекович

1500,0 м

674-298

Дөбөлү

 

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын Дөбөлү айыл өкмөтүнө  тапшырылсын.

 

 

 

Төрага:

К. Субанбеков