Редакцияот 12.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТҮП АЙЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Түп айылдык   кенешинин ХХVIII-чакырылышынын  XXVII- сессиясы

2024-жылдын 12-апрелиндеги № 226

Түп айыл  аймагынын  малдарды жайлоого  көчүрүүнүн, багуунун,  бадада багуунун,  жазгы-күзгү  жердин айдоо-себүүнүн  акыларын жана малдын эгинге, көп жылдык чөптөргө зыян келтирүүсүнүн айып пулдарын бекитүү  жѳнүндѳ

 

                                                                        

   Түп айыл  аймагынын  малдарды жайлоого  багуунун,  бадада багуу,  жазгы-күзгү  айдоо-себүүнүн  акыларын бекитүү  жѳнүндѳ  маселени карап, 

чыгып,  айылдык жыйындардын  жыйынтыктары  менен алдын  ала 

талкуулоолорду жана макулдашууларды  эске  алуу  менен Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябры “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө

”№ 123 Мыйзамынын 34-беренесинин 1-пунктунун негизинде Түп 

айылдык Кеӊешинин   ХХVIII-чакырылышынын  XXVII - сессиясы 

 

токтом  кылат:

 

1. Түп  айыл аймагы  боюнча  жайлоого кѳчкѳн  малды  багуу акысы:

- 1 бир баш  койго  Сары-Жаз жайлоосуна  багылса  - 150 сом.

- жеринде калса  (жакынкы жайыттарга)-  100 сом.

- уйга, торпокко-  600 сом.

- Сары-Жаз  жайлоосуна  - 700 сом.

- жылкыга  - 700 сом.

- Сары-Жаз  жайлоосуна  жылкыга -800 сом.

2. Түп  айыл аймагыдагы бардык   бадалар  үчүн баданын акысы:

- Уй башына - 250 сом.

- Букасы менен  - 300 сом.

 

Ал  эми  Борбор менен Сабатаров  кѳчѳлѳрүнүн   бадасынын жайыты 

тардыгына  байланыштуу уй  башына   350 сомдон  бекитилсин.

3. Түп  токой  чарбасынын  пайдаланууга  алынган  жайыт  акы:

- 1 бодого, жылкыга  - 54 сом, 1 га  жер бѳлүнѳт

- 1 койго – 12,5 сом,  4 башка 1 га  жер  бѳлүнѳт

   

4. Түп  айыл аймагы  боюнча  жайлоого көчүүчү  малдар  аба ырайынын 

шарты   мүмкүнчүлүк берсе  5-майга  чейин кетүүсү  милдеттендирилет.

Белгиленген мѳѳнѳттѳ  кѳчпѳгѳн  малчыларга катуу  чаралар  кѳрүлсүн жана  10 000 сом  ѳлчѳмүндѳ  айып  салынсын.

-       Айылда  саан  уйлар жана  1 баш  мингич же  арабакеч  жылкы алып

калууга   уруксат  берилсин.

-       Базда-кашарларда калган  фермерлерге, жайытынын  шарты   туура

келсе  - 3(үч)баш саан уй, 1(бир)  баш жылкы  алып  калууга уруксат  берилсин.

-       Малдарды мамлекет  тарабынан  коюлган талапка  ылайык  биркалап 

берүү жагы  ветеринардык  кызматка тапшырылсын.

-       Малдардын вакцинациясын  мал  даарыгерлик кызматкерлери  1-майга

чейин толук  бүтүрүшсүн.

-       Ветеринарлардын вакцинация  боюнча  аткарган иштери  боюнча  1 баш  

бодо малга  -350 сомдон,  майда жандыкка  2  укол 40  сом  кызмат акы алынсын.

-       Алыскы жайлоого  кѳчүп  жаткан малчыларга  милдеттүү  түрдѳ айыл

ѳкмѳтү менен  келишим  түзүү жагы   милдеттендирилсин.

5. Айдалган  эгин аянттарына,  кѳп  жылдык чѳптѳргѳ,  беделерге    зыян

келтирген учурда    мал   ээлерине мыйзам  чегинде  административдик чаралар    колдонулсун.

6. Элдин  үлүш жериндеги  эгинге,  кѳп жылдык  чѳптѳргѳ  зыян

келтирилген учурда, айыл  ѳкмѳтүнүн жер жана  мал  боюнча адиси  менен  

биргеликте  түзүлгѳн  комиссия  курамы акт  түзүп  уй, жылкы  жана  кой 

баласына,  антимонополияга  каршы жѳнгѳ салуу  кызматы  менен макулдашуунун салуу  кызматы  менен 

макулдашуунун  негизинде,  зыян келтирген  учурларда  аксакалдар соту 

тарабынан  тѳмѳндѳгүдѳй айып  пулдар  салынсын.

Биринчи жолу  зыян  келтирген учурда:

-       Кой,  эчки – 250 сом

-       Бодо  - 600 сом

-       Каз  ѳрдѳк,  индюк – 100 сом

Экинчи жолу  зыян    келтирген учурда:

-       Кой,  эчки  - 600 сом

-       Бодо  - 1500 сом

-       Каз,  ѳрдѳк,  индюк -200 сом

 Учүнчү  жолу  зыян келтирген  учурда: 

-       Кой,  эчки – 1000 сом

-       Бодо  - 2500 сом

-       Каз, ѳрдѳк,  индюк – 500 сом

7.Күз  мезгилинде жайлоодон  аба-ырайына  жараша 15-сентябрга чейин  кѳчүп келүүгѳ  уруксат  берилбесин.

8.Уруксаатсыз кѳчүп  келген  малчыларга мыйзам  чегинде

административдик   чара кѳрүлсүн  жана  50  миӊ  сом акчалай  айып  пул  салынсын.

9.Түп  токой чарбасына,  малчылар  менен келишимдерди  түзүү  жагы 

айыл ѳкмѳттүн  мал  чарба адиси    менен  макулдашуудан кийин  гана  түзүү жагы   тапшырылсын  жана ушул  токтомго  таянуу менен  кѳчүп  келүү  мѳѳнѳттѳрүн  коюп  берүү жагы тапшырылсын.

10.Түп  айылдык Кеӊешинин  сессиясынын  токтому менен  мал  багып,

жайлоого чыгуучуларды  кол  койдуруп, тааныштыруу ишин  алып  баруу мал  чарба  адисине тапшырылсын.

11. Жайыттарды башка  максаттарда  келишим менен ижарага берилген

жерлердин  (чѳп  чабышка – 700 сом,  балчелек – 1000 сом)  баа  акысы  алынсын.

12.Түп  айыл аймагынын  айыл ѳкмѳтү  боюнча  жазгы-  күзгү

талаачылык  жумуштарына  техникалардын кызмат  акысы  тѳмѳндѳгүдѳй бекитилсин.

-       Жер  айдоо- 1000 сом, 1 га  жерге  25 литр солярка.

-       Тырмоок  маласы    менен  500 сом  1 га жерге  6 литр  солярка

-       Тырмоок  маласы жок  болсо  - 350 сом, 1 га жерге  6  литр  солярка

-       Себүү 450 сом, 1 га жерге  8 литр   солярка

-       Каткилѳѳ  300 сом, 1 га  жерге  6 литр солярка

-       Чѳп  чабуу  Германка -1000 сом, 1 га  жерге  8 литр солярка

-       Жѳнѳкѳй  чѳп  чапкыч – 500 сом, 1  га жерге  8 литр  солярка

-       Комбайн  1000 сом, 1  га жерге  20 литр  солярка

-       Жүк  ташуучу  авто унаага 1  рейсине  600 - 1000 сомго  чейин, күйүчү  майы аралыгына  жараша;

-       Чѳп  престѳѳ  1 түккѳ  жиби  менен 10 сом, 1  га жерге8  литр солярка

-       Беденин үрѳнүн   чабуу  2500 сом, 1 га жерге  25 литр  солярка

    13.Түп айылдык  аймагы  боюнча малдарды    даарылап   профилактика жүргүзүү,  ветеринардык  тейлѳѳ кызматына  тапшырылсын.

    14.Кызмат кѳрсѳтүүнүн  акысынын  бааларын транспорт  ээлерине  кол 

койдуруп  тааныштыруу  Түп айыл  ѳкмѳтүнүн  жер боюнча  башкы  адисине  милдеттендирилсин.

   15. Токтомдун  аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу    Түп  айыл ѳкмѳтүнүн башчысы  Чоркозов Э.А жүктѳлсүн.

 

 

Тѳрайым                                                                       А.О.Орозбекова