Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXIX сессиясынын
2024-жыл 22-апрели №22
“Токтогул шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына жана Токтогул шаардык кеңешинин Регламентине ылайык, Токтогул шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары М.К.Курбановдун 18.03.2024-жылдагы № 01-15-70 сандуу арызы боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы, токтом кылат:
1. Токтогул шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Курбанов Мухиддин Кабылахунович кызмат ордун өз арызынын негизинде тапшыргандыгы эске алынсын.
2. Өзүбеков Талантбек Кеңешбаевич Токтогул шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары болуп шайлангандыгы белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамында, Токтогул шаардык кеңешинин Регламентинде белгиленген милдеттерге ылайык иш алып баруу жагы шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Өзүбеков Талантбек Кеңешбаевичке тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Токтогул шаардык кеңешинин төрагасына (М.Т.Борбугулов) калтырылсын.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
6. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, мамлекеттик реестрге киргизүү боюнча тиешелүү иштерди аткаруу жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.
7. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogulgorkenesh.gov.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төраганын орун басары: | А.Т.Тулекеева |