Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXIX сессиясынын
2024-жыл 22-апрели №22
“2024-жылдын I кварталынын жыйынтыгы менен Токтогул шаарында аткарылган иштер жана жергиликтүү маанидеги башка маселелер жөнүндө ”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына, Токтогул шаардык кеңешинин Регламентине жана Токтогул шаардык кеңешинин иш планына ылайык, 2024-жылдын I кварталынын жыйынтыгы менен Токтогул шаарында аткарылган иштер жөнүндө шаар мэринин орун басары Т.Ш.Дарманованын маалымат, билдирүүлөрү боюнча тиешелүү туруктуу комиссиялардын корутундуларын угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы, токтом кылат:
1) Токтогул шаарынын Жаңы-Жол менен бириккенден кийинки бюджетинин 2024-жылдын пландалган бөлүктөрү жалпысынан аткарылгандыгы эске алынсын (тиркеме тиркелет), анын ичинен муниципалдык менчиктеги жерлерди ижарага берүү боюнча тарифтердин 1,5 жылдан бери эсептелинбей, бюджетке кошумча каражат түшпөй жаткандагы баса белгиленсин, ыкчам аракеттер көрүлсүн.
2) Токтогул шаарынын мэриясына караштуу “Ыңгайлуу шарт” МИ жана “Токтогул Суу канал” ишканасында абоненттик төлөмдөрдү чогултуунун пайыздык көрсөткүчүн жогорулатуу боюнча кошумча иштер жүргүзүлсүн.
3) Шаардын аймагында, анын ичинде борбордук бөлүгүндө жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштеринде кемчиликтердин орун алгандыгы белгиленсин, бул багытта тиешелүү иштер колго алынсын.
4) Коомдук тартипти сактоо, жарандардын жана жаш өспүрүмдөрдүн укуктарын коргоо, үй булөлүк зомбулуктан сактоо, алардын алдын алуу, балдарды колдоо, эрте никеге туруу (үйлөнүү, турмушка чыгуу) боюнча иштердин алкагында тиешелүү мамлекеттик органдар жана мектеп директорлору, соц.педагогдор менен тыгыз байланышта тиешелүү иштер жүргүзүлсүн.
5) Шаар жана шаарга тиешелүү айылдар ичиндеги дүкөндөрдө, дарыканаларда мектеп жашындагы окуучуларга спирт ичимдиктерин, тамеки, насвай, синтетикалык наркотиктерди сатууга тыюу салуу, өндүрүшү көрсөтүлбөгөн, курамы белгисиз, сапатсыз ичип-жей турган азык-түлүктөрдү саттырбоо иштери боюнча мыйзамдуу жолдорун карап, тиешелүү мамлекеттик органдар менен кеңешмелер уюштурулсун, жыйынтыктары кеңештин кароосуна сунушталсын.
6) Коомдук жайларда,көчөдө,аянтта, эс алуу багында ж.б коомдук жайларда мас абалында жүргөн, башка тартип бузган жарандарга, белгиленбеген жерге таштанды таштаган тургундарга КР Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексине ылайык чаралар көрүү жагы каралсын, коомдук иштерге тартуу боюнча Токтогул РИИБ менен бирге мыйзам чегинде иштер жүргүзүлсүн.
7) Жашоочулардын ден соолугунун коопсуздугу үчүн базардын айланасында ачык жана жабык жайларда сатылып жаткан тамак-аштар,эт азыктары (балык,тоок,уй,койдун ич эттери) жумуртка,сүт азыктары, нан ж.б азык түлүктөрдүн сапатын, пайдалануу мөөнөттөрүн кароо, санитардык нормалардын сакталышы боюнча Токтогул райондук оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык борбору, Токтогул райондук ветеринардык башкармалыгы менен бирге тиешелүү иштер жүргүзүлсүн, рейддер уюштурулсун.
Төраганын орун басары: | А.Т.Тулекеева |