УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXXIV СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 16-апрелиндеги № 186
Огород жана айыл чарба эмес багытындагы жерлердин зоналдык коэффицентин бекитүү жөнүндө
Огород жана айыл чарба эмес багытындагы жерлердин зоналдык коэффицентин бекитүү боюнча Б.Эшимовдун жана бюджет, салык жана финансы маселелери боюнча туруктуу комитетинин корутундусун угуп жана талкуулап, Улахол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улахол айыл аймагында огород жана айыл чарба эмес багытындагы жерлердин зоналдык коэффиценти 1,6 өлчөмүндө бекитилсин.
2. Улахол айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 16-апрелиндеги №186 токтому Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон откөрүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңешинин бюджет, салык жана финансы маселелери боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Төрага А.Жолалиев
Катчы Д.Чыныбаева