Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 12-марты ПЖ № 67
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-июнундагы № 155 "Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Улуттук биримдикти бекемдөө жана диний саясат боюнча эксперттик кеңешти түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-июнундагы № 155 "Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Улуттук биримдикти бекемдөө жана диний саясат боюнча эксперттик кеңешти түзүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган Жарлык менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Улуттук биримдикти бекемдөө жана диний саясат боюнча эксперттик кеңештин курамы ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
2) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Улуттук биримдикти бекемдөө жана диний саясат боюнча эксперттик кеңеш жөнүндө жободо:
- 8-пунктта "этностор аралык өнүгүү чөйрөсүндөгү" деген сөздөр "этностор аралык өнүгүү чөйрөсүндөгү жана диний чөйрөдөгү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 13-пункттун 1-пунктчасында "Президентинин Аппаратына" деген сөздөр "Президентинин Администрациясына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 16, 17-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16. Эксперттик кеңештин ишин уюштуруу-методологиялык жагынан камсыз кылууну Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын этностор аралык мамилелер чөйрөсүндөгү жана диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты тескеген түзүмдүк бөлүмү жүзөгө ашырат.
17. Эксперттик кеңештин ишин материалдык-техникалык жагынан камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясын күтүүгө каралган каражаттардын эсебинен Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы тарабынан жүзөгө ашырылат.".
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
| Тиркеме |
"Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Улуттук биримдикти бекемдөө жана диний саясат боюнча эксперттик кеңештин КУРАМЫ
Айтпаева Гульнара Амановна | - | "Айгине" маданий-изилдөө борборунун директору, филология илимдеринин доктору (макулдашуу боюнча); |
Алишева Атыркуль Ракишевна | - | "Региондук изилдөөлөр институту" коомдук фондунун директору, тарых илимдеринин кандидаты (макулдашуу боюнча); |
Асанканов Абылабек Асанканович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Б.Джамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун директору, академик (макулдашуу боюнча); |
Исмаилов Нурлан Асанович | - | "Ала-Тоо" эл аралык университетинин гуманитардык илимдер факультетинин деканы, юридика илимдеринин кандидаты (макулдашуу боюнча); |
Койчуманова Чолпон Урушбековна | - | И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Э.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун директору, тарых илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти (макулдашуу боюнча); |
Маликов Кадыр Курманбекович | - | "Дин, укук жана саясат" көз карандысыз талдоо борборунун директору (макулдашуу боюнча); |
Матубраимов Алмамбет Матубраимович |
| Кыргызстан калкы ассамблеясынын кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Махамат уулу Зикрулло |
| "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фонду" коомдук фондунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Молдалиев Орозбек Абдысаламович | - | Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин профессору, "Саясат, дин жана коопсуздук" изилдөө борборунун директору, саясат таануу илимдеринин кандидаты, (макулдашуу боюнча); |
Омуралиев Нурбек Ашимканович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Методология, илим жана социалдык изилдөөлөр борборунун директору, социология илимдеринин доктору (макулдашуу боюнча); |
Омурзакова Турсунай Омурзаковна |
| Ош мамлекеттик университетине караштуу Гуманитардык жана региондук изилдөөлөр институтунун директору, тарых илимдеринин доктору (макулдашуу боюнча); |
Салиев Бахтияр Усманович | - | коомдук ишмер (макулдашуу боюнча); |
Тажиматов Санжарбек Камбарович | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Чыр-чатактарга мониторинг жүргүзүү жана алдын алуу борборунун жетекчиси (макулдашуу боюнча); |
Турсунбеков Замирбек Аманканович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн башкы эксперти; |
Фронтбек кызы Жамал | - | "Мутакалим" аялдар коомдук прогрессивдүү бирикмесинин башкармасынын төрагасы, экономика илимдеринин кандидаты (макулдашуу боюнча); |
Эргешов Зайырбек Жолчуевич | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Чыр-чатактарга мониторинг жүргүзүү жана алдын алуу борборунун улук аналитиги (макулдашуу боюнча).". |