Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2023-жылдын 29-декабры ПЖ № 371
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 171 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 171 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексинде:
- төмөнкүдөй мазмундагы 18-глава менен толукталсын:
"18. Кызматчыларга "Нарктуу кызматчы", "Нарктуу жетекчи" социалдык статустарын ыйгаруу
46. Нарктуу кызматчы, нарктуу жетекчи - үлгүлүү жүрүм-туруму башка кызматчылар үчүн үлгү болуп саналган жана коомдогу моралдык баалуулуктардын калыптанышына жана өнүгүшүнө таасирин тийгизген кызматчылар.
47. "Нарктуу кызматчы" социалдык статусу кызматчыга төмөнкү учурда ыйгарылат:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын сактоодо;
2) иште, коомдук иште жана турмуш-тиричиликте моралдык жана этикалык принциптерди сактоодо;
3) кызматтык милдеттерин ак ниет аткарууда;
4) мекенчилдик, адептүүлүк, ачыктык, жан аябастык, толеранттуулук, милдетти сезүү, калыстык сыяктуу сапаттарга ээ болууда;
5) коомдук-саясий турмуштун жана кесиптик этиканын стандарттарын сактоодо.
48. "Нарктуу жетекчи" социалдык статусу мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчисине төмөнкү учурда ыйгарылат:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын сактоодо;
2) кызматтык милдеттерин ак ниет аткарууда;
3) иште, коомдук иште жана турмуш-тиричиликте моралдык жана этикалык принциптерди сактоодо;
4) мекенчилдик, адептүүлүк, ачыктык, жан аябастык, толеранттуулук, милдетти сезүү, калыстык, объективдүүлүк, талап коюу сыяктуу сапаттарга ээ болууда;
5) коомдук-саясий турмуштун стандарттарын сактоодо;
6) жогорку моралдык принциптерге жана мамлекетке берилгендикте.
49. Кызматчыларга "Нарктуу кызматчы", "Нарктуу жетекчи" социалдык статустары ыйгарылат:
1) мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта 15 жылдан ашык иштеген, анын ичинде 5 жыл Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында акыркы ээлеген кызмат орду боюнча;
2) адеп-ахлагы жогору жана кынтыксыз кадыр-баркка ээ;
3) мамлекеттик жарандык кызматтагы жана муниципалдык кызматтагы эмгек ишинде тартиптик жаза жок болгон же болбосо аларга карата этикалык негиздер боюнча кызматтык териштирүү жүргүзүлбөгөн учурларда;
4) мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта эмгек иши мезгилинде этикага жатпаган жүрүм-турумдары үчүн арыздар жана даттануулар келип түшпөгөндө;
5) кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылбагандар жана соттуулугу жоктор.
50. "Нарктуу кызматчы", "Нарктуу жетекчи" социалдык статустары мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен ыйгарылат.
51. "Нарктуу кызматчы", "Нарктуу жетекчи" социалдык статустарын ыйгаруунун тартиби мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.".
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |