Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 28-февралы № 73-т
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 221-т, 2024-жылдын 9-августундагы №478-т тескемелеринин редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 423-беренесинин 13-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Соода ишин жүргүзгөн жеке ишкерлер үчүн 0,1 пайыздык ставка боюнча бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы аймагында колдонулуучу Кыргыз Республикасынын базарларынын жана кичи базарларынын реестри тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы ушул тескемени ишке ашыруу боюнча толук чараларды көрсүн.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Тиркеме |
Соода ишин жүргүзгөн жеке ишкерлер үчүн 0,1 пайыздык ставка боюнча бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы аймагында колдонулуучу Кыргыз Республикасынын базарларынын жана кичи базарларынын РЕЕСТРИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 9-августундагы N 478-т тескемесинин редакциясына ылайык)
№ | Базардын жана кичи базардын аталышы, ИСН | Базардын жана кичи базардын жайгашкан дареги |
1 | "Дордой Дыйкан" жоопкерчилиги чектелген коому ИСН 00104201110022 | Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ден Сяопина көчөсү, 302/1 |
2 | "АЗИЗ азык-түлүк дүң базары" жоопкерчилиги чектелген коому ИСН 00107201110169 | Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Махатма Ганди көчөсү, 201 |
3 | Жеке ишкер Мусоходжоева Чинара Бейшеевна ("Кудайберген" автотетиктер базары) ИСН 11005195610060 | Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Патрис Лумумба көчөсү, 54 Б |
4 | "Мадина" жоопкерчилиги чектелген коому ИСН 00101199310361 | Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, 7 апрель көчөсү, 223 |
5 | "Бишкек жүк ташуу автотранспорттук ишканасы" Жабык акционердик коому ИСН 02712199110096 | Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Лев Толстой көчөсү, 19 |
6 | "Рынок "Элитстрой" Жоопкерчилиги чектелген коому ИСН 00507201210094 | Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Дэн Сяопин проспектиси, 18/1 |