УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXXIV СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 16-апрелиндеги № 190
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүдө жер аянтынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүдө жер аянтынын өлчөмүн бекитүү боюнча К.Соконовдун жана айыл чарба, жер, жайыт жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комитетинин корутундусун угуп жана талкуулап, Улахол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүдө жер аянтынын өлчөмү:
· Туура-Суу-2 айылы боюнча чөп чабынды 1,0 га – 5,0 га чейин;
· Оттук, Кара-Шаар, Кара-Талаа, Шор-Булак айылдары боюнча сугат айдоо, кайрак айдоо, чөп чабынды жерлер 1,0 га болуп бекитилсин.
- Улахол айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 16-апрелиндеги №190 токтому Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон откөрүлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңешинин бюджет, салык жана финансы маселелери боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Төрага А.Жолалиев
Катчы Д.Чыныбаева