УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXXIV СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 16-апрелиндеги № 191
Шор-Булак айылынын күн-чыгыш тарабынан Балыкчы – Бөкөнбаев авто жолунун түндүгүнөн 1,0 га жер аянтын муниципалдык менчикке алуу жана өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которуу жөнүндө
Шор-Булак айылынын күн-чыгыш тарабынан Балыкчы – Бөкөнбаев авто жолунун түндүгүнөн 1,0 га жер аянтын муниципалдык менчикке алуу жана өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которуу боюнча К.Соконовдун жана айыл чарба, жер, жайыт жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комитетинин корутундусун угуп жана талкуулап, Улахол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Шор-Булак айылынын күн-чыгыш тарабынан Балыкчы – Бөкөнбаев авто жолунун түндүгүнөн №48 контурдан 1,0 га жер аянтын муниципалдык менчикке алынсын жана өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которулсун.
- Шор-Булак айылынын күн-чыгыш тарабынан Балыкчы – Бөкөнбаев авто жолунун түндүгүнөн №48 контурдан 1,0 га жер аянтын муниципалдык менчикке алуу жана өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которуу боюнча тиешелүү иш кагаздарын бүткөрүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
- Улахол айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 16-апрелиндеги №191 токтому Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңешинин бюджет, салык жана финансы маселелери боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Төрага А.Жолалиев
Катчы Д.Чыныбаева