Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 24-апрели № 2017-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 48-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Икрамов Тазабек Икрамович Түрк мамлекеттеринин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан жана курчап турган чөйрө жана жаратылыш ресурстары боюнча комиссиядан чыгарылсын.
2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин ортосунда кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 57-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Икрамов Тазабек Икрамович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин ортосунда кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамына киргизилсин.
Төрагасынын орун басары |
| Н.Азыгалиев |