КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-августундагы № 514-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 8-майы № 218-т
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 513-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 1-сентябрынан тартып 2024-жылдын 30-июнуна чейинки мезгилге мыйзам долбоорлоо иштеринин планында:
- 7, 9-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
- 10-пунктта “2023-жылдын III кварталы”, “2023-жылдын IV кварталы” деген сөздөр “2024-жылдын II кварталы” деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 12-пунктта “2023-жылдын III кварталы” деген сөздөр “2024-жылдын II кварталы” деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 19-пунктта “2024-жылдын I кварталы” деген сөздөр “2024-жылдын II кварталы” деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 20-пунктта “2024-жылдын I кварталы” деген сөздөр “2024-жылдын II кварталы” деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 24-пунктта “2023-жылдын IV кварталы”, “2024-жылдын I кварталы” деген сөздөр “2024-жылдын II кварталы” деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 37, 38-пункттарда “2023-жылдын IV кварталы” деген сөздөр “2024-жылдын II кварталы” деген сөздөргө алмаштырылсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |