КАРКЫРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каркыра айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын 10-сессиясы
2024-жылдын 18-апрелиндеги № 101
Айыл чарба техникаларынын талаачылык жумуштарына кызмат көрсөтүүсү боюнча тарифтерин жана малчылардын мал жандыктарды багуу акыларын бекитүү жөнүндө
2024-жылдын март айында Каркыра айыл аймагынын айылдарында жазгы талаачылык жумуштарына даярдыктар жана мал чарбачылыгы боюнча болуп өткөн жыйындарынын протоколдорун карап чыгып Каркыра айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Айыл чарба техникаларынын талаачылык жумуштарына кызмат көрсөтүүсү
боюнча тарифтери төмөндөгүдөй бекитилсин;
Айдоо - 1500 сом 1 га, 25 л солярка
Тырмоо - 300 сом 1 га, 10 л солярка
Себүү - 500 сом 1 га, 10 л солярка
Дискалоо - 600 сом 1 га, 15 л солярка
Комбайн - 1500 сом 1 га, 20 л сорлярка
Германка -1000 сом 1 га, 10 л солярка
Косилка – 700 сом 1 га, 10 л солярка
Чөп тырмак - 300 сом 1 га, 7 л солярка
Пресс подборщик (жиби ичинде) – 10 л солярка, 1-түк/12 сом
Пресс подборщик (жиби жок) – 10 л солярка, 1-түк/10 сом
Копалка 4000 сом 1 га, 20 л солярка
2.Малчылардын мал жандыктарды багуу акылары төмөндөгүдөй
бекитилсин:
Бодо малга - ар бир башына 500 сом
Кой, эчки - ар бир башына 100 сом
Бада - ар бир башына 500 сом
3.Каркыра айыл аймагы боюнча 2024-жылдын 15-апрелинен баштап мал
жандыктардын айдоо аянттарына киргизилүүсү токтотулсун.
4.Каркыра айыл аймагы боюнча 2024-жылдын 1-10 майынан кечиктирилбестен
малчыларды жайлоолорго көчүрүү ишке ашырылсын жана 2024-жылдын
21-сентябрдан тартып малчылардын жайлоолордон көчүп келүүсү
белгиленсин.
5.Айылдарда мингич ат, саан уй жана музоолор кала тургандыгы эске алынсын.
6.КР Бузуулар боюнча кодексине ылайык төмөндөгүлөргө айып салуу Каркыра
айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин:
- белгиленген мөөнөттөн кеч көчкөн жана эрте көчүп келген малчыларга;
- айдоо аянттарына зыян келтирген мал жандыктардын ээлерине;
- айыл тургундары тарабынан алыскы чөп чабынды жерлер 2024-жылдын
1-августунан эрте чабылса.
7.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каркыра айыл өкмөтүнө жана
көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана айыл чарбасы боюнча
туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага К.Б.Мукаев