Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы

 

2024-жыл 19-апрели №20

 

“Токтогул шаарынын аймагынын административдик чек арасы жөнүндө”

 

Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаарынын аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Токтогул шаарынын аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын 18.04.2024-жылдагы № 251 каты “Муниципалдык менчик, жерлер ( айыл чарба багытындагы, жайыт, айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери ж.б жерлер), курулуш иштери, мыйзамдуулук, суу чарбасы, энергетика, жол байланышы боюнча” туруктуу комиссиясынын 18.04.2024-жылдагы жыйналышында талкууланган.

Жогорудагы маселе боюнча сунуштарды угуп жана талкуулап Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы, токтом кылат:

 

  1. Токтогул шаарынын аймагына мурдагы Жаңы-Жол айыл аймагынын колдонуп жүргөн Туздуу-Суу участогу кирбей калганына байланыштуу, Токтогул шаарынын административдик чек арасына макулдук берүү маселеси депутаттар тарабынан колдоого алынбагандыгы белгиленсин.

 

  1. Жогоруда аталган Туздуу Суу участогун Токтогул шаарынын административдик аймагына киргизүү боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар менен тактоо иштерин жүргүзүү Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы административдик аймактык реформа боюнча атайын түзүлгөн комисссиядан суралсын.
  2. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

  1. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоого алынсын жана www.toktogulgorkenesh.gov.kg веб- сайтына жайгаштырылсын (С.Наралиева).

 

 

 

Төрага:

М.Т. Борбугулов