Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2024-жылдын 10-июнундагы ПЖ № 149 Жарлыгына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2023-жылдын 28-декабры ПЖ № 365

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-октябрындагы № 358 "Алтын камтыган руданы жана алтын камтыган концентратты Кыргыз Республикасынан ташып чыгарууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-октябрындагы № 358 "Алтын камтыган руданы жана алтын камтыган концентратты Кыргыз Республикасынан ташып чыгарууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-пунктта "2023-жылдын 31-декабрынан" деген сөздөр "2024-жылдын 1-июлунан" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 4-пункттун экинчи абзацында "2024-жылдын 30-июнунан" деген сөздөр "2024-жылдын 31-декабрынан" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

               Президенти

 

С.Н. Жапаров