Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2024-жылдын 30-апрели № 207-т
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2023-жылдын 25-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган 2017-жылдын 11-апрелиндеги Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 207-т тескемеси менен жактырылган |
2023-жылдын 25-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган 2017-жылдын 11-апрелиндеги Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
2023-жылдын 25-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган 2017-жылдын 11-апрелиндеги Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдо жаңы укуктук институтту жана бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү иштин түрүн - электрондук соода операторун түзүү каралган ал жеке жактар тарабынан интернет-аянтчаларда сатылып алынган товарлар менен операциялардын логистикасын комплекстүү түрдө камсыз кылат, ошондой эле электрондук соода товарларын бажылык декларациялоо жана сактоо процесстерин камсыз кылуу менен интернет-платформалар жана бажы органдары менен өз ара аракеттенүүнү ишке ашырат.
Ошондой эле Протоколдо электрондук соода операторуна карата талаптар, электрондук соода товарларын убактылуу сактоонун, бажылык декларациялоонун жана чыгаруунун өзгөчөлүктөрү, бажы кампасынын бажы жол-жобосун колдонуунун өзгөчөлүктөрү, ошондой эле бажы төлөмдөрүн колдонуунун өзгөчөлүктөрү аныкталган.
Буга чейин Протоколдун долбоору Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 20 тескемеси жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 627-т тескемеси менен жактырылган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча (27.09.2023-жылдын № 6-4762) жана Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттери менен (04.10.2023-жылдын № 6-3376и/23) макулдашылган.
Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин чечиминде кыргыз тилиндеги Протоколдун долбоорунда редакциялык жана техникалык мүнөздөгү каталар бар экендиги белгиленген, алар эске алынган.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11, 12-беренелерине ылайык Протокол Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет.
Протоколду ратификациялоо социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык жана коррупциялык кесепеттерге, ошондой эле финансы-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт.