КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Корул айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 26-отуруму
2023-жылдын 25-декабры №26/5
Корул айылдык кеңеши тарабынан кабыл алынган токтомдордун аткарылышы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндөгү» жана Корул айылдык кеңешинин регламентине ылайык, айылдык кеңештин депутаттарынын сунуштарын эске алып, талкуулап Корул айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Корул айылдык кеңешинин сессияларында кабыл алынган токтомдордун аткарылышы жөнүндөгү сын сунуш пикирлер эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын « Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 17-беренесинин 10-пунктуна ылайык Корул айылдык кеңешинин сессияларында айылдык кеңештин өз ыйгарым укуктарынын негизинде кабыл алынган токтомдор Корул айыл өкмөтү жана тиешелүү аймакта турган мекеме ишканалар, айыл өкмөт кызматкерлери тарабынан аткарууга алынсын.
3. Айылдык кеңештин сессияларында кабыл алынган токтомдордун аткарылышы тууралуу айыл өкмөтү тарабынан кечиктирилбестен, Корул айылдык кеңешине так маалыматтар берилип турсун жана бул мезгилге чейин аткарууга алынбаган айрым токтомдорду толугу менен аткарууга алуу жагы айыл өкмөт башчы М. Турганбаевге милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырамын.
Төрайым | М.А.Абдыкадырова |