Загрузка документа…
СЕМЕНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
2022-жылдын 4-апрелиндеги № 14
Семеновка айыл аймагындын айыл ɵкмɵтүндɵ үй-бүлɵлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын ɵткɵрүүдɵгү ысырапкорчулукка бɵгɵт коюу жɵнүндɵ Жобосун бекитүү
Семеновка айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн 2022-жылдын 2-мартындагы №30 буйругунун негизинде иштелип чыккан Жобосун талкуулап чыгып, Семенов айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Семеновка айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүндɵ каада-салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды тартипке келтирүүнү караган үйлɵнүү үлпɵтүн, үй-бүлɵлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чараларды ɵткɵрүүнүн тартиби жɵнүндɵ иштелип чыккан Жобо бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын Семенов айыл аймагынын башчысы Б.К.Момбековго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагын калкты социалдык жактан коргоо жана коомдук уюмдар менен байланыш, мыйзамдуулук, жарандардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктɵлсүн.
4. Токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын жана укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жиберилсин.
Тɵрайым |
| А.С.Бараканова |
Эскертүү: Жобонун кагаз нускамасы келип түшкөн эмес.