САРЫ-МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Могол айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын кезексиз 13-отуруму
2023-жылдын 13-ноябры № 16/16
Сары-Могол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Анарбаевтин Сары-Могол айыл аймагына караштуу Кызыл Булак учаскасынын “Борбордук “ көмүр кенинен көмүр казуу ишин жүргүзүп жаткан “Алай лигнит” жоопкерчилиги чектелген коомуна жер бөлүп берүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Могол айыл аймагына караштуу Кызыл-Булак участкасынын “Борбордук “ көмүр кенинен көмүр казуу ишин жүргүзүп жаткан “Алай лигнит” жоопкерчилиги чектелген коомуна Сары-Могол айылдык Кеңеши тарабынын 3-апрель 2017-жылы №4/1 чечими чыгып көмүр кенинин жалпы аянты 33,5га, анын ичинен 15,61га көмүр казып алуу үчүн жана таштанды (отвал) үчүн 15,2га, коммуникация жана жердин кыртышын сактоо үчүн 2,38га жана өндүрүштүк аянтча үчүн 0,31га көмүр казып алууга макулдук берилген.
2. Ушул жерлердин таштанды (отвал) үчүн 15,2га, жери толуп ашыкча төгүлүп кеткендиги үчүн кайрадан 13га жер таштанды (отвал) үчүнжана 3 га жер көмүр сактоо үчүн берилсин
3. Көмүр казып сатуудан түшкөн салыктардын бир бөлүгү Кыргыз Республикасынын салык кодексине ылайык Сары-Могол айыл өкмөтүнүн казынасына төгүү жагы ОсОО “Алай лигнит” ишканасына жүктөлсүн
4. ОсОО “Алай лигнит” ишканасы менен келишим түзүү, биргеликдте иш алып баруу жагы Сары-Могол айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Анарбаевге милдеттендирилсин.
Төрага: | Жээнбай уулу М |