Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 24-апрели № 197
"Бир терезе" принциби боюнча эл аралык чукул жардам көрсөтүү боюнча көмөктөшүү тобу жөнүндө
"Эл аралык чукул жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Бир терезе" принциби боюнча эл аралык чукул жардам көрсөтүү боюнча көмөктөшүү тобу жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы № 165 "Бир терезе" принциби боюнча эл аралык чукул жардам көрсөтүүчү көмөктөшүү тобу жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |