КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 32-сессиясы
2024-жылдын 08-февралы №32/2
Кара-Суу айыл аймагынын Мантыш айылына курулуп жаткан социалдык шаарчанын инфраструктурасын жакшыртууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынын Мантыш айылында жайгашкан социалдык шаарчанын мектеп, бала бакча, мечит, тигүү цехи, ашкана жана ФАПтын от казандарын орнотуп, откана салуу, асфальт төшөө, шаарчаны жарыктандыруу жана брусчатка төшөө иштерин аткаруу үчүн “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондуна долбоор өткөрүүдө өздүк салым үчүн акча каражатын бөлүп берүү боюнча Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Карбозовдун сунушун угуп жана талкуулап, Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Суу айыл аймагынын Мантыш айылында жайгашкан социалдык шаарчанын
мектеп, бала бакча, мечит, тигүү цехи, ашкана жана ФАПтын от казандарын орнотуп, откана салуу, асфальт төшөө, шаарчаны жарыктандыруу жана брусчатка төшөө иштерин аткаруу үчүн “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондуна долбоор өткөрүүдө өздүк салым үчүн төлөнө турган 583 227 (беш жүз сексен үч миң эки жүз жыйырма жети) сом акча каражатынын, 283 227 (эки жүз сексен үч миң эки жүз жыйырма жети) сом акча каражаты жумушчу күчүнүн эсебинен, калган 300 000 (үч жүз миң) сом акча каражаты Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси А.Расахан уулуна тапшырылсын.
3. Бул токтомду жетекчиликке алып аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Карбозовго милдеттендирилсин.
Төрага | К. Сапарбек уулу |