Редакцияот 13.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОЛПОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чолпон айылдык Кеңешинин депуттарынын VII чакырылышынын кезектеги X  сессиясы

 

2024-жылдын 13-марты № 10/1

Чолпон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын 2023-жыл ичинде аткарган иштери боюнча маалыматы жөнүндө

 

Чолпон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Макишовдун аймакты экономикалык-социалдык жактан өнүктүрүү боюнча аткарган иштери тууралуу маалыматын угуп, аткарылган иштери тууралуу депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1. Чолпон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Макишовдун 2023-жыл ичинде аткарган иштери боюнча аткарган жумуштары, маалыматы жалпысынан канааттандырарлык деп табылсын.

2. 2024-жылга Чолпон айыл аймагын экономикалык-социалдык жактан өнүктүрүү боюнча алгылыктуу иштерди алып баруу жагы айыл өкмөт башчыга тапшырылсын.

3. Аймакты экономикалык-социалдык жактан өнүктүрүү боюнча айтылган сунуш пикирлер эске алынсын.

4. Сырттан инвестиция тартуу боюнча активдүү иштер жүргүзүлсүн, сырткы донорлор менен иштөө үчүн долбоорлорду өз убагында даярдоо боюнча жоопкерчиликтүү иштер жүргүзүлсүн.

5. Бул токтомду аткаруу жагы Чолпон айыл аймагынын айыл өкмөтү Э. Макишовго жүктөлсүн.

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чолпон айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларына тапшырылсын. 

Төрага

Жумаалы уулу Адил