Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 15-ноябры № 601
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы тарабынан дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды борборлоштуруп жеткирүү тартибин бекитүү жөнүндө
Дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды борборлоштуруп жеткирүүнү камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 23 "Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо чөйрөсүн өнүктүрүү жана калкынын жашоосунун жана саламаттыгынын сапатын жакшыртуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы тарабынан дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды борборлоштуруп жеткирүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы) мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдары үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилген Борборлоштурулган тартипте сатып алынуучу дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын тизмеги боюнча дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жеткирүүчү болуп саналары;
- "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жеткирүүгө контракттарды түзүүдө дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды ташуу, жүктөө, каттоо, сапатын контролдоо, сактоо, жеткирүү менен байланышкан кошумча чыгымдарды жана контракттын суммасынын 5 пайызына чейинки кошмо бааны эске алууга укуктуу;
- мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдары жеткирилген дары каражаттары жана медициналык буюмдар үчүн акы төлөөнү "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасына уюмдардын тиешелүү жылга бюджетинде каралган каражаттардын эсебинен жүргүзөт;
- мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдары жеткирүү мүмкүндүгү болгон учурда дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасынан борборлоштурулган тартипте сатып алынуучу дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын тизмегинен тышкары сатып алууга укуктуу.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги эки айлык мөөнөттө дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды борборлоштуруп жеткирүү боюнча аванстык төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | А.У. Жапаров |