Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-апрелиндеги N 197 токтомуна) |
"Бир терезе" принциби боюнча эл аралык чукул жардам көрсөтүү боюнча көмөктөшүү тобу жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо "бир терезе" принциби боюнча эл аралык чукул жардам көрсөтүү боюнча көмөктөшүү тобунун (мындан ары - Көмөктөшүү тобу) милдеттерин, ыйгарым укуктарын жана иш тартибин аныктайт.
2. Көмөктөшүү тобу өз ишин "Эл аралык чукул жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле эл аралык чукул жардам көрсөтүү жана келүүчү эл аралык персоналды, товарларды, жабдуу предметтерин жана жабдууларды чек ара аркылуу өткөрүү процессин тездетүү боюнча көмөк көрсөтүү чөйрөсүндөгү укуктук мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына жана ушул Жобого ылайык жүргүзөт.
3. Көмөктөшүү тобу өз ишин туруктуу негизде жүргүзөт.
4. Көмөктөшүү тобуна киргизилүүгө тийиш болгон мамлекеттик бийлик органдарынын жана башка уюмдардын кызмат адамдарынын тизмеги (мындан ары - Тизмек) ушул Жобонун тиркемесине ылайык аныкталат.
2-глава. Көмөктөшүү тобунун максаты, милдеттери жана ыйгарым укуктары
5. Көмөктөшүү тобунун ишинин максаты болуп келип түшүүчү эл аралык чукул жардамды Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу тездетип өткөрүүнү камсыз кылуу саналат.
6. Көмөктөшүү тобунун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) эл аралык көмөктөшүүчү субъекттерден келип түшүүчү эл аралык чукул жардамды жана алардын персоналын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынын өткөрүү пункттары аркылуу тездетип өткөрүү үчүн шарттарды түзүү;
2) тиешелүү документтерди тездетип тариздөө жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынын өткөрүү пункттары аркылуу эл аралык көмөктөшүүчү субъекттерден "бир терезе" принцибин колдонуу аркылуу келип түшүүчү эл аралык чукул жардамдын жана алардын персоналынын өтүшү үчүн мамлекеттик бийлик органдарынын күч-аракеттерин, макулдашылгандыгын консолидациялоо жана аракеттерин координациялоо.
7. Көмөктөшүү тобунун ыйгарым укуктары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) эл аралык көмөктөшүүчү субъектти эл аралык чукул жардам көрсөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптары жөнүндө маалымдоо жана консультация берүү;
2) төмөнкүлөргө көмөк көрсөтүү:
- эл аралык көмөктөшүүчү субъекттердин, авариялык-куткаруу кызматтарынын, медициналык жана башка түзүмдөрдүн персоналы үчүн визалык колдоону тариздөө маселелерин чечүүдө;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары тарабынан берилүүчү уруксаттарды жана (же) башка зарыл болгон документтерди алууда;
- издөө жабдууларын, товарларды, дары каражаттарын, медициналык буюмдарды, жабдуу предметтерин жана эл аралык чукул жардамдын башка түрлөрүн кабыл алуу, ташуу жана убактылуу жайгаштыруу боюнча;
3) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өтүү укугуна Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары тарабынан берилүүчү уруксаттарды андан ары алуу үчүн коштоочу жана башка документтердин маалыматтардын толуктугун жана тууралыгын алдын ала текшерүү;
4) тосуп алууларды, ал эми зарыл болгон учурда - эл аралык көмөктөшүүчү субъекттердин, авариялык-куткаруучу кызматтардын, медициналык жана башка түзүмдөрдүн келүүчү персоналын убактылуу жайгаштыруу пункттарын уюштуруу;
5) эл аралык чукул жардам жөнүндө маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу, жалпылоо, алмашуу жана берүү.
3-глава. Көмөктөшүү тобунун ишинин тартиби
8. Көмөктөшүү тобунун ишине жалпы жетекчилик кылуу, координациялоо жана контролдоо Көмөктөшүү тобунун жетекчисине, ал эми ал жок болгон учурда Көмөктөшүү тобунун жетекчисинин орун басарына жүктөлөт.
9. Көмөктөшүү тобунун жетекчиси:
1) Көмөктөшүү тобуна жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) Көмөктөшүү тобуна берилген ыйгарым укуктардын аткарылышын камсыз кылуу боюнча милдеттүү көрсөтмөлөрдү берет;
3) Көмөктөшүү тобунун компетенциясына кирген маселелер боюнча кеңешмелерди өткөрөт;
4) иш графигин бекитет жана Көмөктөшүү тобунун мүчөлөрүнүн ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт;
5) Көмөктөшүү тобунун протоколдук чечимдерине кол коёт;
6) Көмөктөшүү тобуна жүктөлгөн милдеттерди натыйжалуу ишке ашыруу үчүн зарыл болгон башка аракеттерди аткарат.
10. Көмөктөшүү тобунун жыйналыштары жеке катышуу формасында, ошондой эле конференц жана видео-конференц-байланыш аркылуу да өткөрүлүшү мүмкүн. Көмөктөшүү тобунун мүчөсүнүн конференц жана видео-конференц-байланыш аркылуу катышуусу жыйналышка жеке катышуу менен теңештирилет.
11. Көмөктөшүү тобунун ишин уюштуруу-техникалык жактан камсыз кылуу Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлөт, ал өзүнүн түзүмдүк бөлүмдөрүнүн бирин анын ишин камсыз кылуучу Көмөктөшүү тобунун катчылыгы катары аныктайт.
12. Эл аралык көмөктөшүүчү субъекттен эл аралык чукул жардам көрсөтүү жөнүндө келип түшкөн сунуш Көмөктөшүү тобунун жыйналышында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык зарыл болгон уруксат берүүчү жана башка документтерди аныктоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынын өткөрүү пункттары аркылуу тездетип келүү, өтүү жана эл аралык көмөктөшүүчү субъекттерден келип түшкөн эл аралык чукул жардамды жана алардын персоналын тиешелүү жол-жоболоштуруу, аларды тосуп алуу, иш-аракеттердин ырааттуулугун, аларды аткаруу мөөнөттөрүн жана жооптуу субъекттерди, Көмөктөшүү тобунун мүчөлөрүн аныктоо үчүн башка маселелерди чечүү бөлүгүндө талкууланат.
13. Ушул Жобонун 12-пунктунда көрсөтүлгөн маселелер чечилгенден кийин Көмөктөшүү тобунун жетекчиси же анын орун басары тарабынан эл аралык көмөктөшүүчү субъекттин өкүлүнө же ошол эл аралык чукул жардамды алуучуга эл аралык чукул жардамды алуу менен байланышкан бардык маселелерди чечүүдө "Эл аралык чукул жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесинде каралган алардын келишине, учушуна, конушуна, болушуна жана кетишине карата ар кандай тыюу салуулардан, чектөөлөрдөн жана тоскоолдуктардан бошотуу, алардын жол жүрүүсүндө артыкчылыктарды берүү аркылуу тиешелүү төлөмдөрдөн бошотуу жолу менен көмөктөшүүчү субъекттер же алардын атынан эл аралык чукул жардамды ташуу үчүн пайдаланылуучу транспорт каражаттарын пайдаланууга көмөк көрсөтүү боюнча чараларды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон уруксат берүүчү жана башка документтерди берүү менен жардам көрсөтүү жөнүндө протоколдук тапшырма берилет, ал эми ыкчам чечим кабыл алуу зарыл болгон учурда Көмөктөшүү тобунун мүчөлөрүнө жазуу жүзүндөгү тапшырманы андан ары жиберүү менен оозеки тапшырма берилет.
14. Көмөктөшүү тобунун катчылыгы эл аралык көмөктөшүүчү субъекттин өкүлүнүн же ошол эл аралык чукул жардамды алуучунун байланыш маалыматтарын Көмөктөшүү тобунун тиешелүү мүчөлөрүнө алар менен кийин байланышуу үчүн берүүгө милдеттүү.
15. Көмөктөшүү тобунун тиешелүү мүчөлөрү жыйналыштан кийин токтоосуз түрдө тапшырылган иш-чараларга тиешелүү маселелерди эл аралык көмөктөшүүчү субъект же эл аралык чукул жардам алуучу менен иштеп чыгуу боюнча мамлекеттик органдын же башка уюмдун кызматкерлеринин ишин уюштурууга милдеттүү.
16. Көмөктөшүү тобунун жетекчисинин көрсөтмөлөрүн же Көмөктөшүү тобунун чечимин Көмөктөшүү тобунун мүчөсү негизсиз аткарбаган ар бир учур Көмөктөшүү тобунун протоколунда чагылдырылат, ал Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына жиберилет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени чечүү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жакынкы жыйналышында каралууга тийиш.
17. Өзгөчө кырдаал жана анын кесепеттерин жоюу мезгилинде Көмөктөшүү тобунун иши дем алыш жана майрам күндөрүсүз күнү-түнү жүргүзүлөт.
18. Көмөктөшүү тобунун ишке тартылган кызматкерлерине мөөнөтүнөн ашык иштегендиги, дем алыш жана майрам күндөрү иштегендиги, түнкү убакта иштегендиги үчүн эмгек акы төлөө, ошондой эле кызматтык иш сапарларга байланыштуу чыгымдардын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына жана аскердик кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык Көмөктөшүү тобунун катышуучулары болуп саналган тиешелүү мамлекеттик органдардын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
19. Көмөктөшүү тобу жылына кеминде бир жолу Көмөктөшүү тобунун ишинин механизмдерин координациялоону жана жөнгө салууну иштеп чыгуу максатында өзгөчө кырдаалды моделдөө жана эл аралык чукул жардамды алууну уюштуруу боюнча машыгууларды өткөрөт.
|
| "Бир терезе" принциби боюнча эл аралык чукул жардам көрсөтүү боюнча көмөктөшүү тобу жөнүндө жобого тиркеме |
"Бир терезе" принциби боюнча эл аралык чукул жардам көрсөтүү боюнча көмөктөшүү тобунун КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын Жарандык коргонуу чөйрөсүн тескеген орун басары, Көмөктөшүү тобунун жетекчиси;
Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси, Көмөктөшүү тобунун жетекчисинин орун басары.
Көмөктөшүү тобунун мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жарандык коргонуу чөйрөсүн тескеген тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнүн өкүлү;
эмгек жана социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси (жетекчисинин орун басары);
саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси (жетекчисинин орун басары);
тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси (жетекчисинин орун басары);
бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси (жетекчисинин орун басары);
транспорт жана коммуникациялар жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси (жетекчисинин орун басары);
Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси (жетекчисинин орун басары);
ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси (жетекчисинин орун басары);
айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси (жетекчисинин орун басары);
жарандык авиация чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси (жетекчисинин орун басары);
байланыш жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси (жетекчисинин орун басары);
ыйгарым укуктуу мамлекеттик салык органынын жетекчиси (жетекчисинин орун басары);
саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү дары каражаттары жана медициналык буюмдар маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүмүнүн жетекчиси (жетекчисинин орун басары);
айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ветеринария жана өсүмдүктөрдүн карантини маселелерин тескеген бөлүмүнүн жетекчиси (жетекчисинин орун басары);
санариптештирүү, электр жана почта байланышы, калкты, жарандык абалдын актыларын каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси (жетекчисинин орун басары);
соода, бажы-тарифтик, лицензиялык, тышкы экономикалык саясат жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси (жетекчисинин орун басары);
"Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун жетекчиси (жетекчисинин орун басары);
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси (жетекчисинин орун басары).