Загрузка документа…
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 601 токтомуна)
|
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы тарабынан дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды борборлоштуруп жеткирүү ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-февралындагы № 96 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы тарабынан дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды борборлоштуруп жеткирүүнүн ушул тартиби (мындан ары - Тартип) мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарын (мындан ары -саламаттык сактоо уюмдары) дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыз кылуу процессинин катышуучуларынын ортосундагы өз ара мамилелерди регламенттейт.
2. Саламаттык сактоо уюмдарын дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен борборлоштуруп камсыз кылуунун катышуучулары болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги (мындан ары - Саламаттык сактоо министрлиги);
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (мындан ары - ММК фонду);
- "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы;
- саламаттык сактоо уюмдары.
3. Алдыдагы жылга дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын көлөмүнө муктаждык саламаттык сактоо уюмдары тарабынан түзүлөт жана жалпылоо жана андан ары бекитүү үчүн Саламаттык сактоо министрлигине жана ММК фондуна берилет.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-сентябрындагы № 493 "Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасын ишке ашыруучу саламаттык сактоо уюмдарынын алдыдагы жылга дары каражаттарына жана медициналык буюмдарга болгон муктаждыгы жана көлөмдөрү ММК фонду тарабынан чогултулуп, жалпыланат жана Саламаттык сактоо министрлигине бекитүү үчүн берилет.
5. "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы тарабынан алдыдагы жылга борборлоштурулган тартипте сатып алынуучу дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын тизмеги жана көлөмдөрү (мындан ары - Тизмек) Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан учурдагы жылдын 1-июлунан кечиктирилбестен бекитилет.
6. Дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды сатып алуучу саламаттык сактоо уюмдары үчүн "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы тарабынан борборлоштурулган жеткирүүлөр төмөнкүлөрдүн каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт:
Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамдын жогорку технологиялык (кымбат баалуу) түрлөрүнүн фондунун;
Саламаттык сактоо министрлигинин борборлоштурулган иш-чараларынын;
Саламаттык сактоо министрлигинин бюджетинин;
ММК фондунун бюджетинин;
башка максаттуу программалардын жана иш-чаралардын.
7. "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы борборлоштурулган сатып алууларды камсыз кылуу үчүн бекитилген Тизмектин негизинде дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды өндүрүүчү заводдордун, өндүрүүчүлөрдүн, дистрибьюторлордун бааларына мониторинг жүргүзөт.
8. Өндүрүүчү заводдордун, өндүрүүчүлөрдүн жана дистрибьюторлордун сунуштарын тандоо "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы тарабынан борборлоштурулган жеткирүүлөрдү камсыз кылуу үчүн кыйла ыңгайлуу болгон логистикалык шарттарды эске алуу менен жүргүзүлөт.
9. "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы өндүрүүчү заводдор, өндүрүүчүлөр жана дистрибьюторлор менен дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилген муктаждык көлөмдөрүндө жеткирүүгө келишимдерди түзөт.
10. "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы Саламаттык сактоо министрлиги, ММК фонду жана саламаттык сактоо уюмдары менен саламаттык сактоо уюмдары боюнча бекитилген Тизмекке ылайык алдыдагы жылга дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды борборлоштуруп сатып алуулардын көлөмдөрүнө берилген муктаждыкта көрсөтүлгөн дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жеткирүүгө келишимдерди түзөт.
Контракттарда дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жеткирүү шарттары, ошондой эле жеткирилген дары каражаттары жана медициналык буюмдар үчүн акы төлөө шарттары аныкталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-февралындагы № 96 токтомунун редакциясына ылайык)
11. "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы:
1) тиешелүү сапат талаптарына ылайык дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды сактоо, ташуу шарттарын сактоо боюнча иш-чараларды камсыз кылат;
2) дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды сактоо жана ташуу, жүктөө жана түшүрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга укуктуу;
3) дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды саламаттык сактоо уюмдарына контракттын мөөнөттөрүнө жана шарттарына ылайык өз убагында жеткирүүнү камсыз кылат;
4) жеткирүүлөр аяктагандан кийин контракттын шарттарына ылайык жеткирүүлөрдүн аяктагандыгы жөнүндө күбөлөндүрүүчү таризделген документтерди берет.
5) Саламаттык сактоо министрлиги жана ММК фонду менен каржылоо, төлөө жана контракттардын аткарылышына мониторинг жүргүзүү маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат;
6) жараксыздары табылган же контракттын шарттарына ылайык келбеген учурда дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды кайтаруу жана алмаштыруу боюнча ишти уюштурат;
7) толук жана өз убагында жеткирбөө тобокелдиктерин минималдаштыруу боюнча чараларды көрөт, анын ичинде кепилдик механизмдерин жана келишимдик санкцияларды пайдалануу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-февралындагы № 96 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жеткирүүгө түзүлгөн контракттар боюнча тараптардын милдеттенмелеринин аткарылышына мониторинг "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы, Саламаттык сактоо министрлиги жана ММК фонду тарабынан жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-февралындагы № 96 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Саламаттык сактоо министрлиги жана ММК фонду "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы тарабынан борборлоштурулган тартипте жеткирилген дары каражаттары жана медициналык буюмдар үчүн саламаттык сактоо уюмдары тарабынан өз убагында акы төлөнүшүн контролдоону камсыз кылат.
14. Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы Саламаттык сактоо министрлигинен, ММК фондунан жана саламаттык сактоо уюмдарынан дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жеткирүүгө контракттардын шарттарына ылайык өз убагында жана толук акы төлөөнү, анын ичинде аванстык төлөмдөрдү суроого укуктуу.
Аванстык төлөмдөрдүн өлчөмү республикалык бюджеттен келип түшүүлөрдүн иш жүзүндөгү көлөмдөрүнө жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун каражаттарына жараша контракттын суммасынын 100 пайызына чейин түзүшү мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-февралындагы № 96 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Аванстык төлөмдөр "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы менен түзүлгөн келишимдер боюнча дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жеткирүүгө өндүрүүчү заводдор, өндүрүүчүлөр жана дистрибьюторлор тарабынан милдеттүү шарттар болгондо жүргүзүлөт.
Аванстык төлөмдөрдүн суммасы келишимдин суммасынын 100 пайызын түзүшү мүмкүн.
16. Саламаттык сактоо уюмдары:
- бекитилген Тизмекке киргизилбеген дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын бардык позициялары боюнча мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык сатып алууларды жүзөгө ашырат;
- зарыл болгон учурда "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасынын жеткирүү мүмкүндүгү болгон учурда Саламаттык сактоо министрлигине жана ММК фондуна бекитилген Тизмекке ылайык дары каражаттарына жана медициналык буюмдарга болгон муктаждыктардын кошумча көлөмдөрүнө өтүнмө берет;
- бекитилген Тизмекке ылайык алдыдагы жылга дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын көлөмүнө берилген муктаждыктын толуктугу жана аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат.