Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 12-апрели № 176
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 415 "Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүүнү мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 415 "Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүүнү мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-пункттун 2-пунктчасындагы "коммерциялык банктар" деген сөздөр "РСК Банк", "Айыл Банк", "Керемет Банк" ачык акционердик коомдору (мындан ары - банктар)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 4-пункттун 2-пунктчасындагы "коммерциялык банктар" деген сөздөр "банктар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген кредит берүү" долбоору ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
"Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген кредит берүү" долбоору
1-глава. Жалпы жоболор
1. "Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген кредит берүү" долбоорунун (мындан ары - Долбоор) максаты Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерине жана жеке жактарына мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат.
2. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү - 60 ай.
3. Каржылоо булактары: Кыргыз Республикасынын 2024-2025-жылдарга жана кийинки жылдарга республикалык бюджети, "РСК Банк", "Айыл Банк", "Керемет Банк" ачык акционердик коомдорунун (мындан ары - банктар) каражаттары.
4. Долбоорду ишке ашыруунун башталышы - 2024-жылдын январы.
5. Жооптуу аткаруучулар: Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги (макулдашуу боюнча), Долбоорду ишке ашырууга катышкан банктар (макулдашуу боюнча).
6. Долбоордун сыпаттамасы. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тармагын кеңейтүү жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен кеңири камтууну камсыз кылуу максатында Долбоордун алкагында 2024-жылдын ичинде банктардын финансылык каражаттары ишкердик субъекттерине жана жеке жактарга мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жаңы имараттарын куруу, учурдагы имараттарды капиталдык оңдоо/реконструкциялоо, ошондой эле негизги каражаттарды сатып алуу үчүн жеңилдетилген пайыздык ставкалар боюнча берилет.
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети банктардын 2024-2028-жылдарга республикалык бюджеттин каражаттарынан жеңилдетилген пайыздык ставкалар боюнча кредиттерди жайгаштыруу боюнча чыгымдарын субсидиялайт.
8. Кредиттерди берүүнүн тартиби банктардын ички ченемдик документтерине жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык аныкталат.
9. Берилген кредиттерди кайтаруу боюнча бардык тобокелдиктерди банктар тартат, карыз алуучуларды тандоо Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жактырган катышуучулардын тизмесинен алардын ички жол-жоболоруна ылайык жүргүзүлөт.
10. Банктар ушул Долбоордун алкагында "Кепилдик фонду" ачык акционердик коомунун кепилдигинин катышуусунда мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарын курууну, капиталдык оңдоонуу/реконструкциялоону, ошондой эле негизги каражаттарын сатып алуу менен жаңылоону жүзөгө ашырууга укуктуу.
11. Долбоорго катышкан банктар карыз алуучуларга төмөнкүдөй негизги жалпы шарттарда кредиттерди бере алат:
№ | Жеңилдетилген кредиттин параметрлери | Эскертүү |
1 | Максаттуу багыты | Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарын курууда, капиталдык оңдоодо/реконструкциялоодо, негизги каражаттарды сатып алууда жана жаңылоодо ишкердик субъекттерине жана жеке жактарга мамлекеттик финансылык колдоо көрсөтүү |
2 | Сом менен кредит берүүнүн, субсидиялоонун суммасы жана мөөнөтү | Төмөнкүлөргө кредиттин суммасы жана мөөнөтү: 1) мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарын курууга 70,0 млн. сомго чейинки суммада, 60 айлык мөөнөткө; 2) капиталдык оңдоого/реконструкциялоого (негизги каражаттарды эске алуу менен) 50,0 млн. сомго чейинки суммада, 60 айлык мөөнөткө; 3) негизги каражаттарды сатып алууга жана жаңылоого 10,0 млн. сомго чейинки суммада, 36 айлык мөөнөткө |
3 | Күрөөлүк камсыздоо | Күрөөлүк камсыздоонун предмети төмөнкүлөр болушу мүмкүн: - карыз алуучунун менчигинде турган жер участогу; - кыймылсыз мүлк; - күрөөлүк камсыздоо жетишсиз болгон учурда банк менен "Кепилдик фонду" ААКтын ортосунда түзүлгөн макулдашуулардын шарттарында "Кепилдик фонду" ААКтын кепилдиги кабыл алынышы мүмкүн |
4 | Берүү формасы | Курулушка же капиталдык оңдоого/реконструкциялоого берилген смета иштерди жүргүзүү этаптарына бөлүнүүгө тийиш: - пайдубал; - дубал тургузуу жана чатырын жабуу иштери; - коммуникацияларды киргизүү; - жасалгалоо иштери ж.б., ага ылайык карыз алуучу зайымдык каражаттарды өздөштүрүү жана максаттуу пайдалануу жөнүндө отчет берүүгө милдеттүү. Карыз алуучу бул милдеттенмелерди аткарбаган учурда, банк кредит берүүнү токтотууга жана кредиттин мөөнөтүнөн мурда төлөөнү талап кылууга укуктуу |
5 | Курулушка карата жалпы талаптар | Карыз алуучуда төмөнкүлөрдүн болушу: - өзүнүн жер участогунун же 49 жылдык мөөнөткө ижарага берилген жер участогунун; - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жактырылган мектепке чейинки билим берүү уюмунун концепциясын, форматын, долбоордук кубаттуулугун, негизги каражаттарын, кызматкерлерин, балдардын болуу шарттарын чагылдырган бизнес-пландын; - мектепке чейинки билим берүү уюмдарында иштөө режимин уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жана өрт коопсуздугунун талаптарына, ошондой эле ченемдик-техникалык документтердин талаптарына шайкеш келген имараттын долбоордук-сметалык документтеринин (ыйгарым укуктуу органдын экспертизасынын оң корутундусунун болушу). Курулуш иштеринин сметасынын долбоору жергиликтүү мамлекеттик администрациянын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы менен макулдашылууга тийиш, мында сметаны түзүүчүнүн квалификациялык сертификаты болууга тийиш. Жумуштарды жана сарпталган курулуш материалдарын эске алуу менен 1 кв. метр үчүн имараттын курулушунун максималдуу наркы 63 миң сомдон ашпоого тийиш. Курулуштун максималдуу мөөнөтү - курулушка биринчи транш берилген учурдан тартып 18 айдан ашпайт |
6 | Капиталдык оңдоого/реконструкциялоого карата жалпы талаптар | Карыз алуучуда төмөнкүлөрдүн болушу: - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жактырылган мектепке чейинки билим берүү уюмунун концепциясын, форматын, долбоордук кубаттуулугун, негизги каражаттарын, персоналын, балдардын болуу шарттарын чагылдырган бизнес-пландын; - мектепке чейинки билим берүү уюмдарында иштөө режимин уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жана өрт коопсуздугунун талаптарына, ошондой эле имаратты капиталдык оңдоо/реконструкциялоо боюнча курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүгө ченемдик-техникалык документтердин талаптарына шайкеш келген имараттын долбоордук-сметалык документтеринин |
7 | Негизги каражаттарды сатып алууга жана жаңылоого карата жалпы талаптар | Карыз алуучуда эсеп-фактуралардын, коштомо кагаздардын жана сатып алуу же жаңылоо фактысын ырастоочу башка документтердин болушу зарыл |
8 | Жеңилдетилген кредит берүүнүн субъекттери | 1. Финансы-кредиттик уюмдардын инсайдери же аффилирленген жагы болуп саналбаган Кыргыз Республикасынын резиденти. 2. Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдарында, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматында жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунда талаптагыдай түрдө каттоодон өткөн, ошондой эле Долбоорго катышууга Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин макулдугун алган ишкердик субъекти/жеке жак. 3. Объекттин курулушунун сметалык наркынын 30%ына чейинки өлчөмдөгү өздүк каражаттардын болушу. 4. Карыз алуучу төлөөгө жөндөмдүү болууга, кирешелери банктын ички ченемдик документтерине шайкеш келүүгө тийиш |
9 | Акыркы пайыздык ставка | 10% өлчөмүндө ставка белгиленген. Кредитти пайдалануунун белгиленген мөөнөтүнөн ашык мөөнөтүн узартууда же реструктуризациялоодо кредит боюнча пайыздык ставка банктар тарабынан ушул сыяктуу максаттарга берилүүчү кредиттер боюнча реструктуризациялоо күнүнө карата колдонулган ставкалардын өлчөмүндө белгиленет |
10 | Айып санкциялары | Кредиттик каражаттар максатсыз пайдаланылгандыгы аныкталган учурда карыз алуучуга карата кредит боюнча пайыздык ставкаларды кредит алган күндөн тартып жылдык 25 пайызга өзгөртүү же аныкталган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде кредитти мөөнөтүнөн мурда төлөө жолу менен финансылык санкциялар колдонулат |
Ошол эле учурда банктар карыз алуучуларга кошумча талаптарды белгилөөгө укуктуу.
12. Күрөө мүлкү мектепке чейинки билим берүү уюмунун курулуп жаткан имараты, курулуш мезгилинде жана андан кийин карыз алуучунун менчигинде турган жер участогу да болушу мүмкүн.
13. Потенциалдуу карыз алуучулардын күрөөлүк камсыздоосу жетишсиз болгон учурда, алар банк менен Кепилдик фондунун ортосунда түзүлгөн шарттарда кепилдик алуу жөнүндө арыз менен "Кепилдик фонду" ачык акционердик коомуна кайрылууга укуктуу.
2-глава. Долбоорду ишке ашырууну сыпаттоо
14. Долбоорго катышуу ниетин билдирген банктар ушул токтом күчүнө киргенден кийин 15 күндүк мөөнөттө субсидиялоонун сунушталган ставкаларын жана кредит берүүнүн көлөмүн милдеттүү түрдө көрсөтүү менен республиканын облустары боюнча бөлүү менен Долбоорду ишке ашырууга катышууга өтүнмөнү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берүүгө тийиш, ошол эле учурда субсидиялоонун ставкасы жылдык 11,41 пайыздан ашпашы керек.
15. Долбоорду ишке ашыруу жөнүндө калкка талаптагыдай маалымдоо максатында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Долбоорду ишке ашырууга катышкан банктар кредит берүүнүн шарттары, ошондой эле бул Долбоор боюнча кредит алууга өтүнмөлөрдү кабыл алуу башталган мезгил/убакыт жөнүндө маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарына, маалымат такталарына жана расмий сайттарына жарыялоого тийиш.
16. Долбоордун алкагында субсидияларды алуу үчүн банктар квартал сайын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине өткөн кварталдагы кредит берүүнүн иш жүзүндөгү суммасын көрсөтүү менен субсидиялоого өтүнмө берет.
17. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги эсептик коэффициенттерине ылайык субсидиялардын суммасын эсептейт жана субсидиялардын траншын банктарга которуу үчүн тиешелүү кварталга финансылык планды даярдайт.
18. Субсидиялардын транштары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан республикалык бюджеттин каражаттарынан банктардын алыш-бериш эсептерине Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ички актыларына ылайык тиешелүү ай аяктаганга чейин которулат.
19. Банктардын ишин көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан жүзөгө ашырылат.
20. Банктар жума сайын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине берилген кредиттер жөнүндө маалыматты берип турат.
3-глава. Субсидияларды эсептөө
21. Субсидияларды берүүдө пайыздык ставкалар боюнча банктардын чыгымдарын жабуу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2022-жылга карата маалыматтарына ылайык банктардын ай сайын берген кредиттеринин көлөмүнөн субсидиялоонун төмөнкүдөй эсептик коэффициенттери колдонулат:
1) пайыздык ставканын өлчөмүнө карабастан субсидиялоонун ставкасы жылдык 11,41 пайызды түзөт;
2) 60 айлык мөөнөткө берилүүчү кредиттер үчүн субсидиялоонун эсептик коэффициенти 31,84 түзөт. Алардын ичинен субсидиялардын бир бөлүгү 2024-жылы 10,28 эсептик коэффициенти боюнча; бир бөлүгү - 2025-жылы 9,84 эсептик коэффициенти боюнча; бир бөлүгү - 2026-жылы 6,44 эсептик коэффициенти боюнча; бир бөлүгү - 2027-жылы 3,91 эсептик коэффициенти боюнча; бир бөлүгү - 2028-жылы 1,37 эсептик коэффициенти боюнча которулат;
3) 36 айлык мөөнөткө берилүүчү кредиттер үчүн субсидиялоонун эсептик коэффициенти 20,44 түзөт. Алардын ичинен субсидиялардын бир бөлүгү 2024-жылы 10,14 эсептик коэффициенти боюнча; бир бөлүгү - 2025-жылы 7,83 эсептик коэффициенти боюнча; бир бөлүгү - 2026-жылы 2,47 эсептик коэффициенти боюнча которулат.
22. Долбоор боюнча берилген кредиттер боюнча субсидияларды эсептөөнү колдонуу үчүн жана кредиттерди мөөнөтүнөн мурда төлөгөн учурда субсидияларды кайра эсептөө (кайтаруу) үчүн мөөнөт жана ай боюнча бөлүштүрүү менен субсидиялардын коэффициенттерин эсептөө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан берилет.
23. Субсидиялардын ар жылдык суммасы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан эсептелет. Субсидиялоонун коэффициенти кредит берүүнүн мөөнөтүнө жараша өзгөрүшү мүмкүн. Зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги субсидиялоо ставкасын өзгөртө алат.
4-глава. Субсидияларды которуу
24. Эсептик формулага ылайык аныкталган субсидиялардын суммалары Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан банктарга беш транш менен которулат, анын ичинде:
1) биринчи транш - ар бир жылдын аягында банктар тарабынан өткөн жыл үчүн иш жүзүндө берилген кредиттик каражаттардын суммасына;
2) экинчи транш - биринчи транш берилген учурдан тартып 365 күн өткөндөн кийин;
3) үчүнчү транш - экинчи транш берилген учурдан тартып 365 күн өткөндөн кийин;
4) төртүнчү транш - үчүнчү транш берилген учурдан тартып 365 күн өткөндөн кийин;
5) бешинчи транш - төртүнчү транш берилген учурдан тартып 365 күн өткөндөн кийин.
25. Банктар биринчи траншты алган күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин, ошондой эле калган транштарды алган күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине суммасын, датасын жана мөөнөтүнөн мурда төлөгөн карыз алуучулардын санын көрсөтүү менен мөөнөтүнөн мурда төлөөлөр боюнча кеңири маалыматты берүүгө милдеттүү. Субсидиялардын экинчи жана андан кийинки транштарын алуу үчүн банктар мөөнөтүнөн мурда төлөнгөн кредиттерди чыгарып салуу менен өтүнмөлөрдү берүүгө милдеттүү. Эгерде кезектеги траншты алгандан кийин алар боюнча субсидиялар алынган мөөнөтүнөн мурда төлөнгөн кредиттер болсо, банк мындай кредиттер боюнча субсидияларды Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине кайтарып бериши зарыл.
5-глава. Тобокелдиктер жана коркунучтар
26. Долбоорду ишке ашырууда жеңилдетилген кредиттерди алуучулар тарабынан каражаттарды максатсыз пайдалануу тобокелдиги бар.
27. Аталган тобокелдикти азайтуу банктар тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
28. Кредиттик каражаттарды максатсыз пайдалануу фактысы аныкталган учурда банктар тиешелүү акт түзүүгө жана карыз алуучудан кредиттик каражаттардын калдыгын 30 календардык күндүн ичинде мөөнөтүнөн мурда төлөөнү талап кылууга же кредит алган күндөн тартып жылдык 25 пайыз өлчөмүндө пайыздык ставкаларды белгилөөгө тийиш. Мындай учурда банктар мөөнөтүнөн мурда төлөө учурларын кошпогондо, алынган субсидиялардын каражаттарын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине кайтарып берүүгө милдеттенет.
29. Карыз алуучулар тарабынан ижарага алынган жер участогунда кредиттик каражаттарды максатсыз пайдалануу фактысы аныкталган учурда жер участогу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 535 "Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык ижарага берүүчүгө кайтарылып берилет.
30. Банктардын субсидияларды негизсиз алуу тобокелдигин азайтуу максатында:
1) банктар жума сайын берилген кредиттер боюнча маалыматты Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берип турат;
2) банктар тарабынан субсидиялануучу кредиттик каражаттарды максатсыз пайдалануу фактысы аныкталган учурда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги мындай кредиттер боюнча субсидиялардын мурда саналып өткөн транштарын калыбына келтирүү менен андан аркы субсидиялоону бир тараптуу тартипте токтотууга укуктуу.
31. Карыз алуучулар кредитти мөөнөтүнөн мурда төлөгөн учурда республикалык бюджеттен мөөнөтүнөн мурда төлөнгөн кредиттерди субсидиялоо боюнча тобокелдиктерди азайтуу максатында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги банктар менен кызматташуу жөнүндө макулдашууларда мөөнөтүнөн мурда төлөнгөн кредиттер боюнча республикалык бюджеттен алынган субсидиялардын бөлүгүн эсептөө, оңдоо жана кайтаруу механизмин карайт.
32. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан милдеттенмелерди толук аткарбоо тобокелдиги:
1) Долбоордун алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тиешелүү жыл аяктаганга чейин республикалык бюджеттен субсидиялардын биринчи траншынын суммасын банктардын алыш-бериш эсептерине субсидияларды которуу тартибине ылайык которот;
2) субсидиялардын экинчи жана кийинки транштарын төлөө үчүн каражаттар Кыргыз Республикасынын тийиштүү жылдарга республикалык бюджети жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоорунда каралган.
33. Кредиттик каражаттарды толук эмес тандоо тобокелдиги. Долбоорго банктарды максималдуу тартуу үчүн Долбоордун катышуучуларынын саны чектелбейт. Долбоорго ылайык Долбоорду ишке ашыруу үчүн каралган республикалык бюджеттин каражаттарынын чегинде кредит берүүнүн жыйынды көлөмү гана чектелет.
6-глава. Кредиттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү
34. Кредиттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышына мониторинг банктар тарабынан төмөнкүдөй түрдө жүргүзүлөт:
- кредитти алган учурдан тартып 18 айдын ичинде карыз алуучулар кредит боюнча жүргүзүлгөн чыгымдарды документтер менен ырастоолорду (контракттар/келишимдер, эсеп-фактуралар же коштомо кагаздар, төлөгөндүгү тууралуу төлөм документтери ж.б.) тиркөө менен кредиттик каражаттарды максаттуу пайдалануу жөнүндө отчетторду берүүгө тийиш.
Кредиттин максаттуу пайдаланылгандыгын ырастоочу документтер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) курулуш (курулуш-монтаждоо иштери) үчүн зарыл болгон материалдарга акы төлөө фактысын ырастоочу документтердин көчүрмөлөрү;
2) сатып алынган материалдар, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөө фактысын ырастоочу документтердин көчүрмөлөрү (каражаттарды пайдалануу жөнүндө отчет менен бирге берилүүгө тийиш);
3) жана кредиттерди максаттуу пайдаланууну ырастоочу башка документтер.
35. Кредиттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугуна баалоо жүргүзүү максатында (кредит берилгенге чейин жана берилгенден кийин) банктар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте комиссиялык түрдө жерине баруу менен карыз алуучулардын кредитти максаттуу пайдалануусуна төмөнкү негизги көрсөткүчтөр боюнча мониторинг жүргүзөт:
- курулушту/реконструкциялоону же капиталдык оңдоону аяктоо пайызы (курулушта, реконструкциялоодо/капиталдык оңдоодо);
- негизги каражаттар жаңыланды же сатылып алынды (негизги каражаттарды сатып алууда же жаңылоодо).
Мониторингдин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан эки жуманын ичинде отчет таризделет.
36. Зарыл болгон учурда карыз алуучу алынган кредиттик каражаттардын эсебинен курулуштун же реконструкциялоонун жүрүшүнө автордук жана техникалык көзөмөл жүргүзөт.
7-глава. Долбоордун натыйжалуулугун баалоо
37. Карыз алуучулар төмөнкүлөргө милдеттүү:
- мектепке чейинки билим берүү уюмунун имараты пайдаланууга берилгенден кийин кредит төлөнгөн күнгө чейин жыл сайын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине отчет берип турууга (имаратты максаттуу пайдалануу, өзүн-өзү актоо ж.б.);
- курулган оңдолгон/реконструкцияланга) имарат пайдаланууга берилгенден кийин 20 жылдан кем эмес мөөнөткө максаттуу багыты боюнча пайдаланууга (Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашуу түзүлөт).
38. Долбоордун натыйжалуулугун баалоо максатында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ар жылдык негизде комиссиялык түрдө жерине баруу менен төмөнкү негизги көрсөткүчтөр боюнча мониторинг жүргүзүлөт:
1) Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында курулган мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарынын саны жана алардын долбоордук кубаттуулугу;
2) мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын оңдолгон имараттарынын саны жана алардын долбоордук кубаттуулугу;
3) Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында түзүлгөн жумуш орундарынын саны;
4) сатып алынган окуу-дидактикалык материалдардын саны жана сапаты;
5) сатып алынган, жаңыртылган негизги каражаттардын саны жана түрү.
Мониторингдин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги отчет тариздейт жана 1-декабрдан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берет.".